Жаакка карай үндүүлөр кең жана кууш болуп бөлүнөт.
Кең үндүүлөр:
а,о,ө,э
Морфология эмнени окутат?
Сөздүн түзүлүшүн,сөз түркүмдөрүн
Сөз өзгөртүүчү мүчөлөр
жөндөмө мүчөлөр,көптүк мүчөлөр,жак мүчөлөр
Татаал сөздөрдүн кайсынысы кошмок сөз:
а)эл-журт б) Ысык-Көл в)курт-кумурска
г)уйгу-туйгу
б)
Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүз:
Бүгүн кызыктуу кино көрдүк.
бышыктооч,аныктооч,толуктооч,баяндооч
Коюу деген сөздө канча тамга,канча тыбыш бар?
4 тамга,4 тыбыш
Сөздүн курамы
уңгу жана мүчө
Сөз жасоочу мүчө деген эмне?
Уңгуга уланып,сөздүн маанисин да,формасын да өзгөрткөн мүчөлөр:-чы,-луу,-стан,-сыз,-луу,-поз,-кер
Сүйлөмдүн ээсин тап,ал кайсы сөз түркүмунө кирет?
Ал сабакты жакшы окуйт.
ал-ат атооч,жекелик санда
Кайсы сөздөр катыштык сын атоочко кирет?
шаардык,сулуу,таттуу,билимдүү,темирдей,бийик
шаардык,билимдүү,темирдей
Кайсы учурда сөздүн тамгасы көп,тыбышы аз угулат?
ь,ъ белгилери,созулма үндүүлөр
Илик жөндөмөнүн мүчөсү уланган сөз айкашы
а)башкаруу в) ыкташуу
б) таандык г) ээрчишүү
Таандык
Кайсыл сөздө ката бар?
Ал Нарындык балдар менен келди.
нарындык
Төмөнкү сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүз.
Айылымдын таштак жолдорун сагындым.
Аныктооч,аныктооч,толуктооч,баяндооч
Тактоочтор сүйлөмдө эмнелик милдет аткарат?
бышыктоочтук
Үндүү тыбыштар
а,аа,о,оо,э,ээ,ө,өө,у,уу,ү,үү,ы,и
Сүйлөмдө кайсы сөз ката ?
Биздин класста сегизөө отличник болду.
сегизөө
Мындан деген сөздүн уңгусун тап:
а)мына б)ушул в)бул г)мын
бул
Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүз.
Менин балам үчүнчү класста окуйт.
Аныктооч,ээ,аныктооч,толуктооч,баяндооч
Сүйлөмдөн бышыктоочту нажмите:
Чалкуйрукка тил бүтүп, адамча сүйлөй баштайт.
адамча
Үнсүз тыбыштар эмне үчүн 25?
к,г,ж тыбыштары жоон үндүү менен келгенде башкача,ичке үндүү менен келгенде башкача угулат Мисалы:к(а),к(е)
г(ү),г(а)
ж(а),ж(и)
Өтмө маанидеги сөздү тап:
а) алтын шакек в) алтын комбинаты
б)алтын казылды г) алтындай убакыт
алтындай убакыт
Тактоочту тап:
Кечээ күн суук болду.
кечээ
Төмөнкү сүйлөмдө ЭЛ деген сөз кайсы жөндөмөдө турат?
Эл камы үчүн жүгүрөт.
илик жөндөмөсүндө
Жалаң сүйлөмдү 5 сөздөн турган жайылма сүйлөм түз:
Ал окуду.
Бүгүн ал кызыктуу китеп окуду.