Автор балалыгын кимдин тарбиясы менен байланыштырат?
Чоң энеси Айымкандын тарбиясы менен
Көчүү учурунда кандай кыйынчылыктар болгон?
- Суук , кар, шамал, узак жол , кар көчкү сыяктуу кыйынчылыктар болгон.
Тиштеги курттар чыныгыбы?
- Жок , бул табыптын ыкмасы, ишендирүү үчүн көрсөтүлгөн нерсе.
Ч.Айтматовдун атасы Фергана өрөөнүнүн кайсы районунда иштеген?
- Араван районунда
Поезд менен Москвага бара жатканда Айтматовдордун үй-бүлөсүн кимдер узатышкан?
- Фрунзеден Жамбылга чейин туугандары келип , андан ары Таластан келген туугандары азык- түлүк берип узатышкан.
Айымкан чоң эне кандай адам болгон?
- Акылдуу, мээримдүү, тажрыйбалуу, салтты билген мыкты тарбиячы адам болгон.
"Шыкама түн" деген эмне?
- Көч алдында эл чогулуп, тилек кылган түн.
Адамдар эмне үчүн табыпка кайрылышкан?
- Себеби жайлоодо дарыгерлер жок болгон.
Автордун эскерүүсүндө Ферганадагы үйлөр кандай сүрөттөлөт?
- Пакса, гүвала дубалдар менен курчалган, чатыры түптүз тамдар.
Автордун балалыгында эсинде калган учу-кыйрсыз көгүлтүр чоң суу кайсы эле?
- Арал деңизи.
Айтматовдун үй- бүлөсүндө канча бала болгон?
- үч кыз, эки уул болгон
Жайлоодогу жашоо кандай сүрөттөлөт?
- Табият менен тыгыз байланышта, мал багып жөнөкөй бирок кооз жашоо катары .
Чыгармада кандай салттар көрсөтүлгөн?
- Көчүү салты, бата берүү, элдик дарылоо, биримдик.
Ферганадагы элдердин ынтымагын кандай сөздөр менен сүрөттөгөн?
" Камыр-жумур болуп күн кечиришет.
Улуусу айтканды кичүүсү жерге таштабайт."
Айтматовдор Москвага барганда кайсыл жерде жашашкан?
- Жазуучулар үйүндө (Дом писателей) андан соң Порфионовкадагы дачада жашашкан.
Ч.Айтматов балалык кезин кандай маанай менен эскерет?
- Сагыныч жана жылуу сезим менен эскерет.
Кичинекей Чыңгыздын тиши ооруганда эмне кылышкан?
- Жайлоого табып алып келип көрсөтүшкөн.
Чыгарманын негизги идеясы эмнеде?
- Балалык эскерүүлөр аркылуу элдин турмушун, салтын жана адамдык баалуулуктарды көрсөтүү.
Төрөкул Айтматов ал жерде кайсыл өсүмдүктү өстүрүү жана уюштуруу иштери менен алектенген?
- Пахта.
Рыскулбек деген ким болгон?
- Рыскулбек Төрөкулдун иниси болгон.
Жайлоого көчүү кандай өтчү?
Мал менен , жөө-жалаң же ат, төө менен узак жол жүрүп көчүшчү
Табып кандай дарылоо ыкмасын колдонгон?
- Ырым-жырым жасап , дуба окуп тиштен "курт" чыгаргандай көрсөткөн.
Бул чыгармадан кандай сабак алууга болот?
- Улууларды урматтоо, салтты баалоо, ынтымактуулук, билимдин баалуулугун түшүнүү.
Ч.Айтматов атасынын Ферганадагы ишин кандайча сүрөттөйт?
- Күнү - түнү тыным билбей иштеген , араба дөңгөлөгүн токтотпогон дайыма эл менен байланышта болгон.
Кичинекей Чыңгыздын кино өнөрүнө болгон кызыгуусун ойготкон алгачкы фильм кайсы?
"Соловей-Соловушка" алгачкы түстүү советтик тасмалардын бири.