Молекулярдык физика эмнени изилдейт?
Заттардын молекулалык түзүлүшүн, молекулалардын кыймылын жана алардын өз ара аракеттенүүсүн изилдейт
Диффузия кайсы затта тез жүрөт?
Газдарда эң тез, сууктуктарда жайыраак, катуу заттарда өтө жай жүрөт
Газ басымы эмнеден пайда болот?
Газ молекулаларынын идиштин дубалына урунушунан пайда болот.
ички энергия деген эмне?
Молекулалардын кыймылынын жана өз ара аракеттенүү энергияларынын суммасы.
Булануу деген эмне?
Бул суюктуктун бетинен молекулалардын газга өтүү процесси.
Молекула деген эмне?
Заттын химиялык касиеттерин сактаган эң кичине бөлүкчө.
Температура деген эмне?
Дененин канчалык ысык же муздак экенин көрсөткөн физикалык чоңдук.
Басым кандай бирдик менен өлчөнөт?
Паскаль (Па)
ички энергиянын кандай жолдору бар?
Жылуулук берүү
Жумуш аткаруу аркылуу
Булануу кайсы шартта ылдамыраак жүрөт?
Температура жогору болгондо, шамал болгондо жана суюктуктун бети чоң болгондо.
Атом деген эмне?
Химиялык элементтин эң кичине бөлүкчөсү.
Абсолюттук температура кандай бирдик менен өлчөнөт?
Кельвин (К)
Бойль-Мариотт мыйзамынын түшүндүрүлүшү кандай?
Температура туруктуу болгондо газдын басымы көлөмүнө тескери пропорционал.pV=const
Жылуулук саны деген эмне?
Бир нерседен экинчи нерсеге өткөн энергия
Кайноо деген эмне?
Бул сууктуктун бүт көлөмү боюнча бууга айлануу процесси.
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги принциптерин атагыла.
Бардык заттар бөлүкчөлөрдөн турат
Бөлүкчөлөр тынымсыз кыймылда болот
Бөлүкчөлөр өз ара аракеттенишет
Цельсий менен Келвиндин байланышы кандай?
Абсолюттук температура Цельсий температурана 273 кошуу менен табылат.T=t+273
Шарль мыйзамын айтып бергиле.
Басым туруктуу болгондо газдын көлөмү температурага түз пропорционал.
Сыштырма жылуулук сыйымдуулук деген эмне ?
1 кг заттын температурасын 1°С көтөрүүгө кеткен энергия.
Эмне үчүн тоолуу аймактарда суу төмөн температурада кайнайт?
Ал жакта атмосфералык басым төмөн болот.
Диффузия деген эмне?
Бир заттын молекулаларынын экинчи зат менен аралашып кетиши
Идеал газ деген эмне?
Молекулаларынын көлөмү эсеп алынбаган жана өз ара аракеттенүүсү жок деп эсептелген газ
Гей-Люссак мыйзамы кандай айтылат?
Көлөм туруктуу болгондо газдын басымы температурага түз пропорционал.
суйуБуулар конденсацияланганда эмне болот?
Газдан суюк абалга өтөт.
Күнүмдүк турмушта болгон жана кайноо процесстерине кандай мисалдар бар?