Аныктооч эмне?
Аныктооч — зат атоочту аныктап, анын белгисин билдирген сүйлөм мүчөсү.
Бышыктооч эмне?
Бышыктооч — кыймыл-аракеттин кантип, качан, кайда болгонун билдирген сүйлөм мүчөсү.
Толуктооч эмне?
Толуктооч — сүйлөмдө кыймыл-аракеттин объектисин билдирген сүйлөм мүчөсү.
Зат атооч кайсы суроого жооп берет?
Ким? эмне?
Аныктооч кайсы суроолорго жооп берет?
Кандай? кайсы? нече? канча? деген суроолорго жооп берет.
Бышыктооч кайсы суроолорго жооп берет?
Кантип? качан? кайда? эмне үчүн? канча убакыт? деген суроолорго жооп берет.
Толуктооч кайсы суроолорго жооп берет?
Кимди? эмнени? кимге? эмнеге? кимден? эмнеден? деген суроолорго жооп берет.
“жакшы” кайсы сөз түркүмү?
Сын атооч
Аныктооч сүйлөмдө эмнени тактайт?
Ал заттын белгисин, сапатын, санын тактайт.
Бышыктооч сүйлөмдө эмнени тактайт?
Ал кыймыл-аракеттин ордун, мезгилин, себебин жана ыкмасын тактайт.
Толуктооч сүйлөмдө эмнени көрсөтөт?
Ал кыймыл-аракеттин кимге же эмнеге багытталганын көрсөтөт.
Ал мектепке барды” сүйлөмүндө этиш кайсы?
Барды
Жаш бала мектепке келди” сүйлөмүндө аныктооч кайсы сөз?
“Жаш” — аныктооч.
Ал мектепке шашып барды” сүйлөмүндө бышыктооч кайсы?
“Шашып” — бышыктооч.
Ал китепти окуду” сүйлөмүндө толуктооч кайсы?
“Китепти” — толуктооч.
“жана, бирок, же” кайсы сөз түркүмү?
байламта
Эмне үчүн аныктооч сүйлөмдө маанилүү?
Анткени ал затты тактап, сүйлөмдү түшүнүктүүрөөк жана так кылат.
Эмне үчүн бышыктооч сүйлөмдө маанилүү?
Анткени ал кыймыл-аракеттин кандай шартта болгонун тактап, маанини толук түшүндүрөт.
Эмне үчүн толуктооч сүйлөмдө маанилүү?
Анткени ал кыймыл-аракеттин объектин тактап, сүйлөмдүн маанисин толук кылат.
Төмөнкү сүйлөмдү талда:
“Үч жакшы окуучу китепти тез окуду.”