Айтматов канчанчы жылы, кайсыл айда дүйнөдөн кайткан?
2008-жылы 10-июнда.
Канчанчы жыл "Чынгыз Айтматов жылы" деп жарыяланган?
2008-жыл
Бул чыгарманы Атам-Төрөкулга, апам-Нагимага арнайм деп кайсы чыгармасын баштайт
"Саманчынын жолу" повестин
"Саманчынын жолу" чыгармасында Толгонай келини Алиманды эмне деп эркелеткен?
Гүл сүйгөн келиним
Автобустан түшүү үчүн эмне кылуу керек?
Алгач ага чыгуу керек
Айтматов кайсыл жерде көз жумган?
Германиянын Нюренберг шаарында
Ч.Айтматовдун чоң энесинин аты ким?
Айымкан
"Ак кеме" повести кыргыз тилинде канчанчы жылы жарык көргөн?
1978-жылы
Ч.Айтматовдун китептери качадан ашык тилге которулган?
165 тен ашык тилге которулган.
Эгер ал үзүлсө, демек андагы нерсе чоң болот? Эмне үзүлсө?
Кайырмак, демек андагы балык чоң болот.
Ч.Айтматовду Шекер мектебинде окуткан биринчи мугалими?
Инкамал Жолоева
"Саякбай" кино тасмасында Чыңгыздын ролун кайсы уулу аткарган?
Эльдар Айтматов
Ч.Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинде Алтынай Сулайманова мектептин ачылышына келгенде төрдөгү орундуктан кимди көрөм деп ойлойт?
Дүйшөндү
"Балалыгым" чыгармасында Чыңгыз биринчи айлык акысына эмне алат?
Бир жилик эт
Кайыкта эмне болот?
Калак
Айтматов канча бир тууган?
4
Айтматов жазган, ага обон жаратылган бирден-бир ыры кайсы?
"Ыссык-Көлдү сагынуу"
Ч. Айматовдун "Ак кеме" повестинде окуялар кайсыл жерде баяндалат?
Токойчулардын кордонунда
Дүйнөдө Айтматовдун кайсыл чыгармасын, кайсыл эл эң көп окуган?
Немец эли "Жамийла" повестин эң көп окуган.
Мени конокко чакырышкан. Ал жерден мен абдан сейрек кездешүүчү сааты бар адамды көрдүм. Бул саат уурдалганын мен кайдан билем?
Ал саат меники болчу.
Ч.Айтматовго "Кыргыз Эл жазуучусу" деген наам кайсыл жылы берилген?
1968-жылы
Ч.Айтматов бала бакчада жүргөндө, Райкан Шүкүрбеков "Чоңойгондо ким болосуң"-деп сураганда Чыңгыз эмне деп жооп берет?
Шофёрчу болом деп
"Тоолор кулаганда" романы канчанчы жылы, кайсыл журналга жарыяланган?
2006-жылы"Дружба народов"журналына жарыяланган
Ч. Айтматов Ысык-Көл форумун канчанчы жылы уюштурган?
1986-жылы
Кандай учурда биринчи дүйшөмбү эмес бейшемби келет?
Алфавиттик тартипти сактаганда