Күнүмдүк турмушта нерселердин ылдамдыгын өлчөчү негизги курал кайсы?
Спидометр
Физикада жумуш менен энергиянын бирдиги кайсы окмуштуунун атынан аталат?
Джеймс Джоуль
Суу канча градус цельсийде кайнайт?
1000 с
Ток өткөрүүчү негизги терс зарияддалган бөлүкчө кайсы?
Электрон
Ааламдагы эң жогоруку ылдамдык кайсы жана ал канчага барабар?
Жарык ылдамдыгы (болжол менен 300000 км/с)
Жер бардык нерселерди өзунө тарткан күч кандай деп аталат?
Оордук күчү (же тартылуу күчү)
Бычактын мизи неге курч жасалат(кайсы физикалык чоңдукту жогорулатуу үчүн)?
Басымды жогорулатуу үчүн
Заттын катуу абалдан суюк абалга өтүү процесси эмне деп аталат?
Эрүү
Электрон тогунун күчү кайсы бирдик менен өлчөнөт?
Ампер (А)
Күндүн айланасында Жер канча убакытта бир толук айлануу жасайт?
1 жылда (365 же 366 күндө)
Жолдо бараткан машина кокус кескин токтогондо жүргүнчүлөрдун алдыга умтулуу кубулушу эмне деп аталат?
Инерция
сүзүп жүргөн кемелерге же сууда сүзгөн адамга суудай өйдө түрткөн кандай күч аракет этет?
Архимед күчү
Термос эмне үчүн тамак же чайды көп чейин ысык кармап тура алат?
Анын дубалдарынын ортосунда вакуум (аба жок) болуп,жылуулук өткөрүмдүүлук токтолот
Магиниттин бирдей уюлдары(мисалы: түндүк менен түндүк) бири-бирине кандай таасир этет?
Түртушөт (бири-биринен) качышат
Жарыктын бир чөйрөдөн экинчи чөйрөдөн экинчи чөйрөгө өткөндө багытын өзгөртүү кубулушу кандай аталат?
Жарыктын сынышы
Ылдамдыктын Эл арлык бирдиктер системасындагы (СИ) өлчө бирдиги кайсы?
М/С (метр секундасына)
Кыймылдагы нерседе болот турган энергиянын түрү кандай аталат?
Кинетикалык энергия
Заттын эң кичинекей,анын химиялык касиетин сактап калган бөлүкчөсү кандай аталат?
Молекула
Тизмектеги чыңалууну өлчөө үчүн кайсы курал колдонулат жана ал кандай туташтырылат?
Вольтметр (жарыш же пареллель туташтырылат).
Көздүн көрүүсүн оңдоо үчүн көз айнекке орнотулуучу тунук айнек элементи эмне деп аталат?
Линза
Нерсеге башка нерселер аракет этпегенде же алардын аракетти тең салмактанганда өзүнүн тынч абалын же туз сызыктуу бир калыптагы кыймылын сактоо касиети кандай аталат?
Инерция закондулугу (Ньютондун 1-закону)
Аттын күчү деген түшүнүк эмнени өлчөө үчүн колдонулат?
Кубаттуулукту
Термометрдеги сымап же спирт ысытканда эмне үчүн өйдө көтөрүлөт?
Заттар ысыгында кеңейет
Электр тогунун күчү,чыңалуу жана каршылыктын ортосундагы байланышты көрсөткөн атактуу закон кайсы?
Ом закону
Жамгырдан кийин асманда асан-үсөн (көк желе) пайда болушу жарыктын кайсы касиетине байланыштуу?
жыкыктын дисперсиясы (ак жарыктын 7 тускө ажырашы)