өзгөрмө ток
өзгөрмө токтун чынжырындагы каршылыктары
токтун жумушу жана кубатуулугу
100

Механикалык энергияны өзгөрмө  токтун электр энергиясына айландыруучу түзүлүш эмне деп аталат?

Индукциялык электр генератору.

100

Кадимки ысып жаткан лампа же электр плитасы өзгөрмө токтун чынжырында кайсы каршылыктын ролун аткарат?

Активдүү каршылыктын.

100

Эл аралык бирдиктер системасында (СИ) электр тогунун аткарган жумушу кайсы бирдик менен өлчөнөт?

Джоуль (Дж) менен.

200

Өзгөрмө токтун генераторунун иштеши физиканын кайсы фундаменталдуу мыйзамына негизделген?

Электромагниттик индукция мыйзамына (Майкл Фарадей ачкан).

200

Чынжырга туташтырылган катушканын (индуктивдүүлүктүн) өзгөрмө токко көрсөткөн каршылыгы кандай аталат жана ал кайсы тамга менен белгиленет?

Индуктивдүү каршылык, XLтамгасы менен белгиленет.

200

Электр тогунун кубаттуулугун өлчөөчү негизги бирдик кайсы жана ал кимдин урматына аталган?

 Ватт (Вт), Джеймс Ваттын урматына.

300

Магнит талаасында айланып жаткан алкактын ичинде пайда болгон ЭККтин (электр кыймылдаткыч күчүн) убакыттан көз карандылык графиги кайсыл ийри сызыкты (функцияны) берет?

 Синусоида (же косинусида).

300

Конденсатордун өзгөрмө ток чынжырындагы каршылыгы эмне деп аталат жана токтун жыштыгы жогорулаганда бул каршылык кандай өзгөрөт?

Сыйымдуулук каршылык XС; жыштык жогорулаганда каршылык азаят.

300

Үйлөрдөгү электр эсептегичтер (счетчиктер) токтун кубатуулугун  эмес, жумушун (сарпталган энергияны) кандай турмуштук бирдик менен эсептешет?

 Киловатт-саат (кВт·саат).

400

 Генератордун ичиндеги магнит талаасында айланып турган, токту сырткы чынжырга өткөрүүчү бөлүгү кандай аталат?

Ротор (эгер ал айланса) же Якорь

400

Өзгөрмө токтун чынжырындагы активдүү, индуктивдүү жана сыйымдуулук каршылыктардын жалпы суммасы (толук каршылыгы) илимде кандай аталат?

Импеданс (же толук каршылык, Z тамгасы менен белгиленет).

400

Өзгөмө токтун чынжырындагы активдүү Кубаттуулукту табуу үчүн токтун жана чыңалуунун таасири этүүчү маанилерин дагы кайсы чоңдукка көбөйтүү керек?

Кубаттуулук коэффициентине (cos ф)

500

Эмне үчүн өндүрүштөгү чоң генераторлордо магниттерди эмес, электромагниттерди айлантышат (ротор катары колдонушат)?

Чоң токту козголбогон статордон алуу оңой жана коопсуз, ал эми айлануучу бөлүккө (роторго) кичине гана ток берүү жетиштүү.

500

Индуктивдүү жана сыйымдуулук каршылыктар бир чынжырда бири-бирин компенсациялап (теңеп), толук каршылык эң кичине мааниге жеткен кубулуш кандай аталат?

Чынжырдагы чыңалуулардын резонансы.


500

Туруктуу ток чынжырынан айырмаланып,өзгөрмө токто реактивдүү каршылыктардан (катушка, конденсатор) улам пайда болгон, бирок жумуш аткарбаган нерселук кандай аталат жана анын бирдиги эмне?

Реактивдүү Кубаттуулук, бирдиги — Вольт-Ампер реактивдүү (ВАр)

M
e
n
u