Жергиликтүү кеңеш деген эмне?
Жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргогон жана жергиликтүү маселелерди чечкен өкүлчүлүктүү орган.
Жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү кимдер деп аталат?
Депутаттар деп аталат.
Жергиликтүү кеңеш кайсы жерде иш алып барат?
Айылдык жана шаардык аймактарда.
Саат 6 жолу кагышы үчүн 5 секунд кетет. Анда 12 жолу кагышы үчүн канча секунд кетет?
Жооп: 11 секунд.
Түшүндүрмө: 6 кагыштын ортосунда 5 аралык бар. 12 кагыштын ортосунда 11 аралык болот.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу качан кабыл алынган?
1992-жылы 3-мартта.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын ким шайлайт?
Жергиликтүү тургундар, башкача айтканда, эл шайлайт.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы ким?
Кеңештин ишин уюштуруп, жыйындарын алып барган адам.
Депутаттардын негизги милдети кандай?
Элдин үнүн угуу, алардын кызыкчылыгын коргоо жана көйгөйлөрүн көтөрүү.
Эки адам шахматты 5 жолу ойношту. Ар бири 5 оюнда тең жеңишке жетти. Кантип?
Алар бири-бири менен ойногон эмес.
Кыргыз ССРи кайсы жылы түзүлгөн?
1936-жылы.
Жергиликтүү кеңештин негизги милдеттери кайсылар?
Бюджетти бекитүү, аймакты өнүктүрүү жана элдин көйгөйлөрүн чечүүгө катышуу.
Жергиликтүү кеңеш канча убакытка шайланат?
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Жергиликтүү кеңеш кандай чечимдерди кабыл алат?
Бюджет, аймакты өнүктүрүү, муниципалдык мүлк жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Сенде 6 жумуртка бар. 6 адамга бирден жумуртка бердиң, бирок себетте дагы 1 жумуртка калды. Кантип?
Акыркы адамга жумуртканы себети менен бердиң.
Караханийлер мамлекетинин белгилүү башкаруучуларынын бири ким болгон жана ал кайсы динди кабыл алган?
Сатук Буура хан. Ал ислам динин кабыл алган.
Жергиликтүү кеңеш менен мэриянын айырмасы эмнеде?
Жергиликтүү кеңеш чечимдерди кабыл алат, ал эми мэрия ошол чечимдерди ишке ашырат жана шаарды башкарат.
Жергиликтүү кеңеш элдин кандай көйгөйлөрүн чечүүгө катышат?
Жол, суу, жарыктандыруу, мектеп, бала бакча жана тазалык маселелерин чечүүгө катышат.
Жергиликтүү кеңеш аймактагы мектептердин абалын жакшыртууга кантип жардам берет?
Мектептердин көйгөйлөрүн карап, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша оңдоо иштерине каражат бөлүү маселесин чечет.
Бир айдоочу каршы багытта келе жаткан үч машинаны көрдү. Бирок ал жол эрежесин бузган жок. Эмне үчүн?
Ал жөө бара жаткан.
1916-жылдагы көтөрүлүш учурунда кыргыз эли негизинен кайсы өлкөгө качууга аргасыз болгон?
Кытайга
Эгер айылда таза суу көйгөйү жаралса, жергиликтүү кеңеш кандай чара көрө алат?
Маселени карап чыгып, бюджеттен каражат бөлүү маселесин чечип, тиешелүү мекемелер менен биргеликте таза суу көйгөйүн чечүүгө аракет кылат.
Эгер жергиликтүү кеңеш элдин сунуштарын эске албаса, кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн?
Элдин ишеними төмөндөйт, көйгөйлөр чечилбей калат жана жергиликтүү бийлик менен калктын ортосунда түшүнбөстүк жаралат.
Эмне үчүн жергиликтүү кеңештин ишинде ачык-айкындуулук маанилүү?
Анткени эл кабыл алынган чечимдерди жана бюджеттин сарпталышын билип, депутаттардын ишин көзөмөлдөй алат.
Кайсы нерсени сындырмайынча пайдалана албайсың?
Жумуртканы
840-жылы кыргыздар кайсы мамлекетти жеңген?
Уйгур каганатын.