Музыканын үч негизи:
ЫР, БИЙ, МАРШ
Коён беш жолу кар бетане секирип чуркады.
Коёндун карда канча изи калды?
20
Көрсө чыгармасы менен кайсыл чыгармадагы балдар окшош?
Өкүнүч
Жоон үндүүлөрдү атагыла
а,аа, ы, о, оо, у, уу
5 ти кемитүүнүн жадыбалын айт
5- 5= 0
6- 5= 1
7- 5= 2
8- 5= 3
9-5= 4
Ата журт ырынын автору ким?
А. Осмонов
Асан чыныдагы чайына кум шекер салыш үчүн биринчи эмнени кармайт?
кашыкты
Жаады кар ырынын биринчи куплетин айт
Кебез сымал апаппак
Кар калың жаап салыптыр.
Карасаңар кызыктай,
Кара күчүк, мысыктар
Аппак болуп калыптыр.
Сөздөр баш тамга менен кандай учурда жазылат?
Сүйлөмдүн биринчи тамгасы, энчилүү аттар.
мисалы( адам, жаныбар, шаар - кыштактардын аттары)
3, 4, 5, 6 бурчтуктар, жалпы кандай бурчтуктар деп аталат?
Көп бурчтуктар
Нурак Абдрахманов канча жашында комузун колунан түшүрбөй алып жүргөн?
5 жашынан
Тоок таразага эки буту менен түшсө 5 кг.чыкты.Ал эми бир буту менен түшсө канча кг.чыгат?
5 кг
Чээн деген сөздү чечмелеп бер.
Чээн- үңкүр
Ачык муун деп эмнени айтабиз?
мисалы
Жалаң үндүү тыбыштан турган, же үндүү тыбыш менен аяктаган муун ачык муун болото.
мисалы: тоо, у- луу, жа- зуу-чу, ки- ши
Айлана - тегеректин эмнеси?
чеги
Ата- энем деген ырдын 1- куплетин айтып бергиле.
Ойноп жүрүп жыгылсам,
Үйрүлөсүң апакем.
Жүрөгүмдү чок кылып,
Күйдүрөсүң атакем
Айгүл менен Ырыс 30 беттүү жомок китепти кезектешип окуп бүтүштү.
Ырыс китептин 30 бетин тең окуп чыкса, Айгүл канча бетин окуп чыккан?
30 бетин
Аюу кышында кайда уктайт, эмне менен азыктанат?
Чээнге кирип кыштайт,таманындагы майды соруп азыктанат.
Туюк муун деп эмнени айтабиз?
мисалы:
Үнсүз тыбыш менен башталып, үнсүз тыбыш менен аяктаган муун туюк муун болото.
мисалы: биз, муун, сый- мык
Айлананын борборунан чегине чейинки аралык, эмне деп аталат?
радиусу
Музыкада канча нота бар, атагыла
до, ре, ми, фа, соль, ля, си
Сенин апаң, атаңдын баласын ким дейт?
Балам дейт.
Каргалар ободо учса, күн кандай болот?
Күн ачык болот.
Алгачкы эмгек деген чыгарманы ким жазган?
Ч. Айтматов
Класста 30 окуучу бар
12 окуучу математика ийримине, 9 окуучу сүрөт ийримине, калган окуучулар спортко катышкан.Спортко канча окуучу катышкан?
9 окуучу