Азаматсынар!!!
Кыргыз тилинде канча созулма үндүү бар?
6 созулма үндүү бар
"Илимпоз" деген сөздүн синонимин тапкыла.
Окумуштуу
Кыргыз тили сабагы канчанчы класстан баштап окутулат?
2 класс
Кыргыз элинин улуттук оюнун белгилегиле!
а)шахмат б)нарда в) домино г) тогуз коргоол
тогуз коргоол
Байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилигине колдонулган буюму:
а) муздаткыч б) жаргылчак в) керебет г) миксер
Жаргылчак
"Кой оозунан чөп албаган" деген фразеологизмди чечмелегиле:
момун, жоош
Кыргыз тилинде канча жөндөмө мүчө бар?
6
Кыргыз тилине жакынкы тектеш тилдер :
а) монгол, манчжур
б) алтай, казак, кара калпак, өзбек, уйгур
в) түрк, татар
б) алтай, казак, кара калпак, өзбек, уйгур
"Малчыларыбыз" деген сөз канча муунга бөлүнөт?
5 муунга
"Төбөсү көккө жетти" деген фразеологизмди чечмелеп бергиле
Кубанды, сүйүндү
"Манас - кыргыз рухунун туу чокусу" - деп ким айткан?
Ч.Айтматов
Сөз эмнеден турат?
Уңгу жана мүчөдөн турат
11-кылымдан 1928-жылга чейин кыргыз тили кайсы арипти колдонгон?
араб тамгасы
Эскирген сөздөрдөн "ЧАЛБАР" деген сөздүн мааниси
тери шым
Ээ жана баяндооч сүйлөмдүн кандай мүчөсү?
Баш мүчөсү
Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,
Бүт тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм. деген ыр саптары кимге таандык?
Алыкул Осмоновго
Негизги сөз түркүмдөрү кайсылар?
зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч
Айкындооч мүчөлөр кайсылар?
Аныктооч, толуктооч, бышыктооч
"Аптаба" деген сөз кандай маанини билдирген?
Колго суу куйдуруу, кол жуудуруу
Ак-кара, өйдө-төмөн, ачуу-таттуу, катуу-жумшак деген сөздөр кандай сөздөр???
антонимдер
Табышмакты тапкыла!
"Бир өзү, бир өзүндө миң көзү"
Элек
Асел, чыбый, челек, сырга, кылдырек - деген сөздөр кайсы диалектиде колдонулат?
түштүк диалектиде
Сөз түркүмдөрү грамматиканын кайсы бөлүмүнө кирет?
А) фонетика б) лексикология в) морфология
морфология
Эскирген сөздөрдөн "Чонтой" деген создүн маанисин тапкыла
А) чөнтөк, б) шым в) тери баштык г) баш кийим
Тери баштык