Манаска жентек бергенде канча мал союлган?
Сегиз бээ
Кытайдын чегин кайтарган укмуштуу, сыйкырдуу жаныбарлар
Куу түлкү, куу өрдөк, куу аркар
Чыйырдынын өз аты ким?
Шакан
Манастын киндик энеси ким болгон?
Дамбылданын зайыбы
Жаңы төрөлгөн наристеге эмне үчүн сары май менен оозандырган?
Бала төрөлгөндө майлуу сүттүү, күчтүү болсун деп май менен оозандырган.
Тазбаймат "Чоң казатка" аттанар алдында кандай кызмат аткарат?
он башы
Алманбетке таандык укмуштуу өнөр?
Жайчылык
Манаска "Балалуу бол деп" ким бата берет?
Кошой
Манас төрөлгөндө Жакыпка уулду болдуң деп ким сүйүнчүлөйт?
Акбалта
Алманбет Көкчөдө жүргөндө эл арасына кандай ушак тарайт?
Акеркеч менен жакын деген
"Манас" эпосундагы кытайдын башкы каны?
Эсенкан
Эки топко бөлүнүп ойнолуучу байыркы элдик оюн?
ордо
Манастагы Акбалта ким болгон?
Нойгут уруусунун ханы, Чубактын атасы
Көкөтөйдүн ашында кандай улуттук оюндар ойнолот?
төө чечмей, жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш.
Келме жака кең күрмө,
Керишке кийсе ок өтпөс,
Найзанын учу тешпеген
Нар кескен огу кеспеген-Манастын кайсы кийими?
Аколпок
Эки балбандын ат үстүндөгү алышуусу.
Эр эңиш
Манастын кылычын , мылтыгын ким тапшырат?
Айкожо
Жоо кийимсиз турганда Манасты Коңурбай жарадар кылып сайып кетишине күнөөкөр кырк чоронун бири?
Ажыбай
Казактын ханы Көкчөнүн аялы?
Акеркеч
Эпосто кеңири жолуккан кыргыз элинин улуттук оюндарынын бири?
Ат чабыш