БМКТ аббревиатурасынын толук чечмелениши кандай?
Жообу: Билим беруудогу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Презентация түзүү үчүн эң популярдуу программа.
Жообу: Microsoft PowerPoint
Интернетке кирүү үчүн колдонулган программаны атагыла
Жообу: Браузер
Дүйнөдөгү эң чоң онлайн видеохостинг, окуу видеолорун көрүүгө болот.
Жообу: YouTube
Адамдын акылын туураган, суроолорго жооп берген заманбап технология.
Жообу: Жасалма интеллект
Компьютердин "мээси" деп аталган, бардык эсептөөлөрдү аткаруучу негизги түзүлүш?
Жообу: Процессор
Презентациянын бир барагы эмне деп аталат?
Жообу: Слайд
Электрондук почта дарегиндеги милдеттүү түрдө боло турган белги.
Жообу: @ - "маймылча"
Мектептеги кагаз журналдын заманбап санариптик варианты.
Жообу: Электрондук журнал/күндөлүк, мис: Күнделик
Тексттик суроолорго жооп берген эң белгилүү нейротүйүн
Жообу: ChatGPT
Маалыматты киргизүүчү түзүлүштөрдү атаңыз (кеминде 3)
Жообу: Клавиатура, чычкан, МОНИТОР
Слайддардын ортосундагы өтүүнү кызыктуу кылган эффекттер эмне деп аталат?
Жообу: Анимация же Өтмө эффекттер
Компьютерге зыян келтирүүчү программалардан коргоочу программа.
Жообу: Антивирус
Google тарабынан мугалимдер үчүн түзүлгөн акысыз класс башкаруу системасы.
Жообу: Google Classroom
STEM билим берүүдө окутулган, роботторду түзүү илими.
Жообу: Робототехника
Программалык камсыздоонун эки негизги түрү.
Жообу: Системалык жана колдонмо (прикладдык)
Дистанциялык окутууда видеоконференция өткөрүү үчүн колдонулган платформа (кеминде 2)
Жообу: Zoom, Google Meet, Microsoft Teams
Интернеттеги маалыматтарды издөө үчүн колдонулган системалар.
Жообу: Издөө системалары, мис: Google, Yandex
QR-код деген эмне жана ал билим берүүдө кандай колдонулат?
Жообу: Ыкчам жооп берүү коду; шилтемелерди, маалыматты тез ачуу үчүн
VR көз айнектери аркылуу түзүлгөн чөйрө эмне деп аталат?
Жообу: Виртуалдык реалдуулук
Маалыматтын эң кичине бирдиги эмне деп аталат?
Жообу: Бит
Интерактивдүү доска менен иштөөдө колдонулган атайын "калем"
Жообу: Стилус
"Фишинг" деген эмне?
Жообу: Колдонуучунун купуя маалыматтарын (логин, пароль) алдоо жолу менен уурдоо
"Булуттук технология" деген эмне?
Жообу: Маалыматты жеке компьютерде эмес, интернеттеги серверлерде сактоо жана иштетүү (мис: Google Drive)
Окутуу процессин оюн түрүндө уюштуруу терминдери.
Жообу: Геймификация