Аналитиктер
Инновация
Жардам
100

Булутта сактоо деген эмне?

Булутта сактоо — маалыматты интернет аркылуу алыскы серверлерде сактап, каалаган жерден жеткиликтүү кылган технология.

100

Жасалма интеллект (AI) деген эмне?

Жасалма интеллект — адамдын ой жүгүртүүсүн окшоштуруп, маалыматты талдап, чечим чыгарууга жөндөмдүү алгоритмдер жана программалар.


100

Big Data деген эмне?

Big Data — көлөмү өтө чоң, ылдам өзгөргөн жана түрдүү форматтагы маалыматтар.


200

Big Dataнын негизги 3 өзгөчөлүгү кайсылар?


Volume (көлөм)

Velocity (ылдамдык)

Variety (түрдүүлүк)

200

Эгер файл “Editor” укугу менен бөлүшүлсө, кандай коркунуч пайда болушу мүмкүн?

Файл өзгөртүлүп, маалымат бурмаланышы же өчүрүлүшү мүмкүн.


200

Медициналык маалыматты булутта сактоодо дарыгер менен IT адисинин жоопкерчилиги кандайча айырмаланат?

Дарыгер — маалыматтын тууралыгына жана купуялуулугуна жооп берет,
IT адис — техникалык коопсуздукка жана системанын иштешине жооп берет.


300

“Viewer”, “Commenter”, “Editor” уруксат режимдеринин айырмасы эмнеде?


  • Viewer — файлды көрө алат, өзгөртө албайт

  • Commenter — комментарий жаза алат

  • Editor — файлды толук өзгөртө алат

300

Алгачкы медициналык AI системаларына мисал келтириңиз.

MYCIN жана DXplain эксперттик системалары.


300

AI менен Big Data эмне үчүн медицинада маанилүү болуп калды?

Анткени медициналык маалыматтар өтө көп болуп, аларды адам күчү менен талдоо кыйын, AI жана Big Data бул процессти тез жана так аткарат.



400

ImageJ программасы эмне үчүн колдонулат?

ImageJ медициналык сүрөттөрдү ачуу, өлчөө, фильтр колдонуу, жарыктык жана контрастты өзгөртүү, пикселдик анализ жүргүзүү үчүн колдонулат.


400

Simple DICOM Viewer программасынын негизги милдети кандай?

Бул программа DICOM форматындагы медициналык сүрөттөрдү (рентген, КТ, МРТ) ачып көрүү жана жөнөкөй анализ жүргүзүү үчүн колдонулат.


400

Контрастты жогорулатканда сүрөттө эмне өзгөрөт?

Контраст жогорулаганда ткандардын ортосундагы айырма так көрүнөт, майда деталдар жана патологиялар жакшыраак байкалат.


500

Медициналык сүрөттөр менен иштөөдө визуалдаштыруунун ролу кандай?

Визуалдаштыруу дарыгерге маалыматты тез түшүнүүгө, туура диагноз коюуга жана ооруну көзөмөлдөөгө жардам берет.


500

Эмне үчүн медициналык сүрөттөр жөнөкөй JPG эмес, DICOM форматта сакталат?

Анткени DICOM медициналык талаптарга жооп берет, сүрөт сапатын жоготпойт жана клиникалык маалыматтарды кошо сактайт.


500

Simple DICOM Viewer программасынын негизги милдети кандай?

Бул программа DICOM форматындагы медициналык сүрөттөрдү (рентген, КТ, МРТ) ачып көрүү жана жөнөкөй анализ жүргүзүү үчүн колдонулат.


M
e
n
u