2008-жылы 10-июнь
Ч.Айтматов каза болгон
"Бөбөккө" кимдин ыры
А.Осмонов
Сагынганда тентип кеткен балаңды,
Жүзгө жооруп жүгүрттүң го санамды.
Каттоочудан кат жазсын деп айттырып,
Кийинчерээк ала бердиң мазамды.
Кимдин, кайсы поэмасынан?
Бекей, Гүлжамал,Сейдакмат- булар кимдер?
Ак кемедеги каармандар
Жамгыр жаап жатканда, сыртта сейилдеп жүргөн адамдын, эмне үчүн чачы суу болгон эмес?
Чачы жок таз болгон
35 жыл гана жашаган акын
Алыкул Осмонов
Чыңгз Айтматовдун ата-энесине арнаган чыгармасы
"Саманчынын жолу"повести
Алжыган чал да!Күндө эрте менен ат токуп, дагы чаап барып, баланы бир жеткирет,түштө дагы чаап барып, мектептен апкелет.Кокуй, мектептен кечигип калбасын деп шашып турганына кантесин.
Кимдин сөзү?
Орозкулдун
Осмонкулов Бактыбек ким?
"Ким болду экен" поэмасындагы Баркалбас
Жамгыр жаап жатканда, коён кандай дарактын түбүндө турат?
Суу дарактын түбүндө
14 жашында айыл өкмөткө катчы болгон ким?
Ч. Айтматов
Ажал менен Ар-Намыстын автору ким?
Жоомарт Бөкөнбаев
Айылда бир жаш кыз бар гүлдөй болгон,
Сыналып бойго жетип, сынга толгон.
Жакшы өңдүү, күлүк аттуу далайларга,
Какшайып өйдө карап күлбөй койгон
Кайсы поэмадан үзүндү?
Эртабылды
"Ажал менен Ар-Намыс" поэмасындагы каза болгон энени эмип жаткан бала.
Деңизде көп, кооз таштар болот, бирок бир таш болбойт.Ал кандай таш?
Кургак таш болбойт
1975- жылы Чыңгыз Айтматовдун кайсы повести боюнча кино тартышкан?
Ак кеме киносун
Жусуп Турусбековдун өз өмүрүнө салыштырып жазган поэмасы
"Энем" поэмасы
Жолдун боюнда, кыз-жигиттин тобунда ант бере салыш кызга уят, жигитке намыс болоор.
Кимдин сөзү
Жаңыл Мырзанын
Субанкул
Толгонайдын жолдошу
Кайсыл жерде аттын туягы болбойт?
Шахматта
1915-жыл 21-мартта ким жарык дүйнөгө келген?
Алыкул Осмонов
К.Маликовдун А.Куттубаев менен бирге жазган чыгармасы?
"Жаңыл" драмасы
Белине беш чоң гранат
Белсинип Жапар байлады
Шарылдап ташып кайраты
Шакардай болуп кайнады
Кайсы чыгармадан?
"Ажал менен Ар-Намыс"
Үчүкө, Атакозу
Түлкүнүн жолдоштору
Элдин баары кимдин алдына барганда баш кийим чечишет?
Чач тарачтын алдына барганда