Көк бөрүдө негизги максат эмне?
Улакты казанга салуу.
Бала төрөлгөндө өткөрүлүүчү салт?
Бешик той.
Кыргыздын салттуу баш кийими?
Ак калпак
Кыргыз элинин башкы байлыгы эмне деп эсептелет?
Эл, жер, салт.
Кыргыз эли кайсы жаныбарды ыйык деп эсептеген?
Ак илбирс
Ордо оюну эмне менен ойнотулат?
чүкө менен.
Жаңы үйгө киргенде жасалчу салт?
Үйгө кирүү (үй көрүү). Той өткөрүү
Аялдардын салттуу баш кийими?
Элечек
Манас деген эмне?
Улуттук эпос
Ак калпак күнү качан белгиленет?
5 март
Ат үстүндө ойнолгон улуттук оюнду ата.
Көк бөрү (же кыз куумай).
Баланы жаман көздөн сактоо үчүн эмне тагылат?
Тумар. Көз мончок
Калпак кайсы материалдан жасалат?
Ак кийизден.
Манас эпосу кантип муундан муунга жеткен?
Оозеки айтуу менен аян келип айтуу менен
Кыргыздын боз үйү эмнеден жасалат?
Кийизден, жыгачтан.
математикалык улуттук оюн кайсы?
Тогуз коргоол.
Жигит кыздын үйүнө расмий баруусу кандай аталат?
Кудалашуу.
Илгери кийимдер эмнеден жасалган
кийиз, тери, чүпүрөк ж.б
Кыргыздар үчүн жылкы кандай мааниге ээ?
Унаа, жолдош, байлык.
Тогуз коргоол оюну эмнени өнүктүрөт?
Логикалык математикалык ой жүгүртүүнү.
Кыз куумай оюну кайсы салт менен байланышкан?
Үйлөнүү салты менен.
Баланын биринчи кадамына арналган салт?
Тушоо кесүү.
Улуттук кийимдер эмнени чагылдырат?
Элдин тарыхын жана маданиятын.
улуттук дөөлөттөрдү эмнеге билүү керек
улуттук тарых баалуулуктарды унутпай урпактарга сактап жок болуп кетпеш үчүн
Кыргыз эли конокко кандай мамиле кылган?
Ардактуу, сыйлуу.