Бул нерсе география сабагында көп колдонулуп каралардын жыйындысын түзөт.
Атлас
Бул нерсе окуучуларды сабакка чакырат
Коңгуроо
Топ таш оюнун канча таш менен ойноого болот?
5
Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган...
туз
Аки таштан там ак болобу?
Болот
КРнын конституциясы качан кабыл алынган?
1993-ж 5-май
Билим күнү качан белгиленет?
1-сентябрь
Көк бөрү оюну дагы кандай аталат?
Улак тартыш
Кайсы азык эң улук болуп саналат?
Нан
Теңдемеде жана өсүмдүктө бар нерсе?
Тамыр
Аренда сөзүнүн кыргызча аталышы?
Ижара
Класстык журналдагы сандар булар?
Баалар
Тогуз коргоол оюнунда канча үй бар?
9
Колдогу кайсы манжадан улуттук тамакты кезиктирүүгө болот?
Беш бармак
Кайсы идиштен тамактанганга мүмкүн эмес?
Бош идиштен
Үчүнчү жак көптүк түрдө кандай аталат?
Алар
Узундукту өлчөө үчүн колдонулган мектеп куралы?
Сызгыч
Айлуу түндө кайсыл оюн ойнолот?
Ак чөлмөк
Буудайды унга айланткан жер эмне деп аталат?
Тегирмен
Бир жумуртка 10 минутада бышат, анда беш жумуртка канча минутада бышат?
10 минутада
Эки топ чөпкө, бир топ чөптү кошсо канча топ чөп болот?
Бир топ чөп.
Балдардын ден-соолугуна кам көргөн мектептеги сабак?
Дене тарбия
Бирин-бири сындап, тамаша иретинде айтылган айтышуу?
Акыйнек
Сүткө таттуу кошулмаларды кошуп тоңдурууда балдардын сүйгөн азыгы пайда болот?
Бал муздак
Адам көпүрөөдөн өтүп бараткандабутунун астында эмне болот?
Бут кийимдин таманы