Электр каршылыгынын бирдиги кандай?
Ом
Электр каршылыгын кайсы тамга менен белгилейбиз?
R
Каршылыкты кайсы курал менен өлчөйбүз?
Реостат же омметр
Электр каршылыгы эмнени мүнөздөйт?
Өткөргүчтүн электр өткөрүмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук.
Эмне себептен өткөргүчтө каршылык пайда болот?
кыймылдагы электрондор тоскоолдукка учурайт
0,02 МОм канча Ом го барабар?
20000 Ом
Электр каршылыгы (R) өткөргүчтүн узундугуна (L) көз каранды?
түз пропорциялаш
Өткөргүчтүн каршылыгы эмнеден көз каранды?
заттын физикалык табиятынан, өткөргүчтүн узундугунан жана аянтынан
Өткөргүчтүн аянты каршылыкка кандай көз каранды?
тескери пропорциялаш
Өткөргүчтөрдү туташтыруунун кандай жолдору бар?
Жарыш жана удаалаш
Удаалаш туташтырууда жалпы каршылык кандай өзгөрөт?
R=R1+R2
Жарыш туташтырууда жалпы каршылык кандай өзгөрөт?
R=R1*R2\ R1+R2
Бирдей материалдан жана узундугу бирдей өткөргүчтөр берилген. Биринчисинин аянты 1мм2, экинчисинин аянты 2мм2. Кайсы өткөргүч токту жакшы өткөрөт? Эмне үчүн?
2мм2 болгон өткөргүч, анткени аянты чоң өткөргүчтүн каршылыгы аз. Каршылыгы аз болсо, ток күчү чоң болот.
Узундугу 2м жана 4м болгон калыңдыгы бирдей эки жез өткөргүчтөрү берилген. Кайсы өткөргүчтүн каршылыгы чоң болот? Эмне үчүн?
4м болгон өткөргүчтүн каршылыгы чоң, анткени каршылык узундукка түз пропорциялаш.
Эмне үчүн электр жылыткычтарынын спиралын көбүнчө нихром зымынан жасашат?
Нихром зымынын каршылыгы чоң демек жылуулукту көп бөлүп чыгарат жана ысыкка чыдамдуу демек бат ээрип же күйүп кетпейт ошондуктан көпкө кызмат кылат.