Этиш кайсы суроолорго жооп берет?
эмне кылды?, эмне кылат?, эмне кылып жатат?
Тактооч деген эмне?
Тактооч — кыймыл-аракеттин мезгилин, ордун, сын-сыпатын жана сан-өлчөмүн билдирет.
Лексика деген эмне?
лексика — бул тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы, элдин тарыхын, маданиятын жана дүйнө таанымын чагылдырган бай сөздүк курам.
Ат атооч деген эмне жана кайсы суроолорго жооп берет?
Ат атооч — зат атооч, сын атооч, сан атооч сөздөрүнүн ордуна колдонулуп, заттарды же алардын белгилерин атабай, жалпылап көрсөткөн сөз түркүмү. Ал ким?, эмне?, кандай?, канча? деген суроолорго жооп берет.
Союп жатам, жаны жок,
Эти кызыл, каны жок.
Дарбыз
Этиш деген эмне?
Этиш — заттын же кубулуштун кыймыл-аракетин, абалын жана процессин билдирген сөз түркүмү.
Тактооч маанисине карай канчага бөлүнөт?
Бешке
Жалпы лексика деген эмне?
Жалпы лексикология дүйнөдөгү бардык тилдерге же тилдердин чоң топторуна мүнөздүү болгон орток теорияларды жана сөздөрдүн өзгөчөлүктөрүн изилдейт.
Зат атооч «учак» сөзүн бардык жөндөмөлөргө сал.
Атооч жөндөмө — учак
Илик жөндөмө — учактын
Барыш жөндөмө — учакка
Табыш жөндөмө — учакты
Жатыш жөндөмө — учакта
Чыгыш жөндөмө — учактан
Сколько в Кыргызстане снежных Барсов?
Более 550 особей (ответ с 500 до 600 принимается)
Этиш түзүлүшү жараша канчага бөлүнөт? Түзүлүшүн тактагыла.
Экиге бөлүнөт.
Жөнөкөй этиштер – бир сөздөн куралган этиштер. Мисалы: бар, кел, ойно
Татаал этиштер – эки же андан ашык сөздөрдөн куралган этиштер. Мисалы: бара кет, ойноп жүр
Тактооч кандай суроолорго жооп берет?
(6 суроону тактагыла)
кантип? кандай? качан? кайсы убакта? кайда? кайдан? канча? нече?
Жеке лексика деген эмне?
Жеке лексикология бир гана конкреттүү тилдин (мисалы, кыргыз тили, орус тили, англис тили) сөздүк курамын жана анын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн изилдейт.
Иреттик сан атооч, чамалама сан атооч, жандана сан атоочтор го мисалы келтиргиле.
Алтынчы, ондой, үчөө
В каком году образовался Кыргызский Каганат? И в каком году был разгромлен?
Образовался в 693 году и был разгромлен 840 году
Этиште канча чак бар? Тактагыла.
1. Өткөн чак кыймыл аракеттин өтүп кеткендигин көрсөтөт.
2. Келер чак кыймыл аракеттин кийин, келечекте болорун билдирет.
3. Учур чак кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын билдирет.
Маанисине карай бөлүнүштөрүнү тактагыла жана мисал келтиргиле.
Мезгил тактооч: (качан?) — азыр, эртең, кечээ, жайлай, башта.
Орун тактооч: (кайда?, кайдан?) — жогору, төмөн, ары, бери, алыс, жакын.
Сын-сыпат тактооч: (кантип?, кандай?) — тез, ылдам, жакшы, жай, акырын.
Сан-өлчөм тактооч: (канча?) — көп, аз, бир аз, бир топ.
Себеп-максат тактооч: (эмнеге?) — атайын, аргасыздан, эрксизден.
Сөздөрдү которула:
Меш
Ирет
Сот
Чөйүн
Керебет
Печь
Ряд
Суд
Чугун
Кровать
Текстин ичинде сын атоочту тапкыла:
Биздин айылдын жаратылышы абдан кооз. Тоонун этегинде чоң жайлоо бар. Ал жайлоонун чөбү өрөөндөгүгө караганда жашылыраак көрүнөт. Күн батып бара жатканда асман кызгылт түскө боёлуп, өзгөчө кооздукка бөлөнөт. Чокудагы ап-пак карлар күндүн нуруна чагылышып, көздү уялтат.
Чоң, жашылыраак, кызгылт, ап-пак
Из чего делают бумажные банкноты в Кыргызстане?
Кыргызские банкноты изготавливаются из 100% хлопкового волокна
Текстин ичинде этишти тапкыла.
Жайында биз Ысык-Көлгө бардык. Көлдүн жээгиндеги кум абдан ысык экен. Иним сууга тез эле батты да, кайра чыкты. Атам жээктеги кайыкты байла, анан сууга түш деди. Биз түшкү түштө тамак ичтик. Күн уясына бата баштаганда, жээктеги аттар жайлоого карай аттады. Биз абдан сонун эс алдык.
Бардык
Батты
Чыкты
Байла
Түш
Ичтик
Бата баштаганда
Аттады
Эс алдык
Тексттеги тактоочторду жана алардын түрлөрүн белгилегиле.
Күз келип, токой ичи өзгөчө кооздукка бөлөндү. Биз бул кооздукту көрүү үчүн эртең менен токойго бардык. Дарактардын арасы менен төмөн көздөй түшүп, таза абадан кере-кере жуттук. Алтын түстүү жалбырактар бут алдында акырын шуудурап жатты. Күндүн нурлары токой ичине өтө кооз чагылышып, көздү кубандырат. Биз жаратылышты сактоо үчүн атайын тазалык эрежелерин эстеп жүрдүк. Куштардын үнү сейрек угулуп, айланада тынчтык өкүм сүрөт. Бул саякат бизге унутулгус эргүү тартуулады.
Эрте — мезгил тактооч (качан?).
Жогору — орун тактооч (кайда?).
Шайыр — сын-сыпат тактооч (кандай?).
Абдан — сан-өлчөм тактооч (канчалык?).
Атайын — максат тактооч (эмне максат менен?).
Семасиология, этимология, фразеология, ономастика, лексикография, ономасиология, диалектология деген эмне?
Семасиология (грек тилинен semasia — маани, билдирүү жана logos — окуу) — бул тил илиминин (лексикологиянын) сөздөрдүн маанисин изилдөөчү бөлүмү.
Этимология — сөздөрдүн келип чыгышын жана алардын тарыхый өнүгүү жолун изилдейт.
Фразеология — тилдеги туруктуу сөз айкаштарын (фразеологизмдерди, макал-лакаптарды) үйрөтүүчү бөлүм.
Ономастика — энчилүү аттарды (адамдардын ысымдарын, жер-суу аттарын ж.б.) изилдейт. Анын ичинде жер-суу аттарын топонимика, адам аттарын антропонимика изилдейт.
Лексикография — сөздүктөрдү түзүүнүн теориясы жана практикасы менен алектенет.
Ономасиология — семасиологияга карама-каршы багыт катары, «объектти же түшүнүктү кантип атайбыз?» деген суроонун тегерегинде атоонун (номинациянын) жолдорун изилдейт.
Диалектология — тилдин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу сөздөрдү (диалектилик лексиканы) карайт.
Ат атоочтун түрлөрүн аталагыла жана суроолорун?
жактама (мен, сен, ал), шилтеме (бул, ушул, тиги), аныктама (ар ким, бардык), сурама (ким?, эмне?), белгисиз (кимдир бирөө, бир аз) жана тангыч (эч ким, эч нерсе) ат атоочтор
Тоо башында жүрөт ол бир адам,
Чөбүн жебей жерин жеген ал бир наадан.
(АДАМ ЖӨНҮНДӨ ЭМЕС)
Бит