1. Россиядагы XVIII кылымдагы билим берүү жана мектеп жѳнүндѳгү педагогикалык ойлор.
2. М.В.Ломоносовдун педагогика илиминин ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы.
3. Россиядагы илимий педагогиканын негиздѳѳчүсү К.Д.Ушинский.
4. А.С.Макаренконун өмүрү жана педагогикалык ишмердүүлүгү.
100

Петр І падышачылык кылып турганда, Россиянын Петербург, Москва жана башка чоң-чоң шаарларында кандай мектеп ачылган?

Артиллериялык мектептер, порттук шааарларда навигациялык мектептер, Москвада болсо хирургиялык, инженердик ар түрдүү тилдеги мектептер ачылган.

100

Орустун улуу окумуштуусу М.В. Ломоносов кандай мекемелерден билим алган?

Ал алгачкы билимди  «дин китептерин» окуудан баштаган, 19 жашында Славян-грек-латын академиясына, 12 окуучунун ичинен Петербургга, андан соң 1736-жылы окуусун улантыш үчүн Германияга жөнөтүлгөн жана ал жерде чоң окумуштуулардан сабак алган.

100

К.Д.Ушинскийдин окуу китептери кайсылар жана алардын мазмуну кандай?

Башталгыч мектеп үчүн эки окуу китебин үзгөн. 

1- «Родное слово». Бул китеби алиппеден башталат жана балдардын ойлонуусун жана айлана-чөйрөдөгү турмуш жөнүндөгү түшүнүгүн  кеӊейтип, орус тилин үйрөтүүгө негизделет. 

2- «Балдар дүйнөсү» - 3-4-класстын окуучуларына арналып, көӊүлдүн борбору балдарга табият таануу жана география боюнча маалымат берүүгө бурулган.

100

А.С.Макаренконун эмгек тарбиясы жөнүндө айткан пикири.

Адам эмгекчил  болуп туулбайт, аны тарбиялаш керек.

200

1701-жылы Москвада Сухарев мунарасында ачылган математикалык жана денизчилик илимдердин мектебинин башка окуу жайлардан айырмачылыгы эмнеде болгон?

Бул мектепте билим динден көз карандысыз болуп, так реалдык так билимдерди берген окуу жай болгон.

200

Атактуу окумуштуунун илимий чыгармачылык иштери кайсы жылдарга туура келет жана илимий ишинин натыйжасы кандайча жыйынтыкталат?

1741-жылы М.В. Ломоносов Петербург илимдер академиясына адъюнкт болот жана 1745-жылы химия илиминин профессору, андан кийин академик болууга жетишет.

200

Тарбиялоонун элдиктүүлүгү идеясынын мааниси эмнеде?

Билим процессин элдүүлүк принцибине таянып жүргүзүлүшүн сунуш кылган. Ушинский «Коомдук тарбиялоодогу элдиктүүлүк жөнүндө» деген макаласында: ар бир элдин өзүнө таандык тарбиялоо системасы күчтүү.

200

А.С.Макаренко: "Жеке бир адамга таасир этүү менен бүтүндөй бир коллективге таасир этсе болот". Бул ...

Паралелль аракеттенүү принциби

300

ХѴІІ кылымдын биринчи чейрегинде Россияын өзүндө жана башка тилдерден которулган көптөгөн илимий адабияттардын жарык көрүшүнүн себеби эмне?

Кириллица алфавитинин кабыл алынышы, басма сөздүн пайда болушу.

300

М.В.Ломоносовдун  орустун адабий тили менен байланышын кантип түшүнүүгө болот?

Орус грамматикасынын түзүлүшү да Ломоносовдун ысымы менен тыгыз байланышта тургандыгын «Орус грамматикасы» аттуу китебин айтсак болот. Анда жазма адабияттын эрежелери иштелип чыккан.

300

Ушинский «Адам тарбиянын предмети» деген эки томдон турган чыгармасын жазуу  максаты эмне болгон?

Педагогго тарбиялоо ишинин конкреттүү эрежелерин жана принциптерин жаттап алуу жетишсиз экендигин белгилеп,  адам жаратылышынын негизги закондорун билүүгө жана аны ар бир конкреттүү учурда пайдалана алууга тийиш экендиги тууралуу пикирди ишке ашырууну көздөгөн.

300

А.С.Макаренконун педагогикалык көз караштарынын өзөгүн эмне түзөт?

Тарбия процессинин негизги формасы болгон коллектив теориясы түзөт. Макаренко коллективди уюштуруу, тарбиялоо жол-жоболорунун ырааттуу системасын иштеп чыккан.

400

Көрүнүктүү коомдук ишмер Петр Францевич Лесгафт кесиби боюнча ким жана тарбиялоо маселесинде эмнеге токтолгон?

Лесгафт өзү дарыгер болгондуктан, аны эӊ алды менен баланын өсүп-өнүгүү проблемалары кызыктырган. Ал организмдин өсүп-өнүгүшүнүн курчап турган айлана-чөйрөдөгүлөрдүн таасирине байланыштуу экенин далилдеген. Ал «… көнүгүүгө дуушар болгон бардык нерсе өнүгөт, ал эми көнүктүрүлбөгөн нерсе жоголот»,-деген.

400

Орустун классикалык билим философиясынын түзүүчүсү Ломомоносовдун табият таануу илимдеринин өнүгүшүндө ордун кандай баалайсыз?

Россиянын табият таануу илиминдеги философиялык материализмдин негиз салуучусу. Табияттын жалпы закону болуп эсептелген материянын сакталуу законун жана кыймыл законун ачкан жана аны менен табигый илимдердин өсүшүнө зор салым кошкон.

400

Окутуудагы балдардын психологиялык өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен окутууну талап кылганын кантип түшүнүүгө болот.

Окутуудагы көрсөтмөлүүлүк, жеткиликтүүлүк, системалуулук принциптерин түптөгөн. «Баланын табияты көрсөтмөлүүлүктү талап кылат», «Бала форма, элес, боек, үн жана сезим менен ойлонот, андыктан биз буларды эсепке албасак балдарды зордогон болобуз».

400

А. С. Макаренконун  эмгектеринде көбүнчө кайсы маселеге токтолгон жана ал боюнча айткан цитатасынан айтып бер? 

Үй-бүлө педагогикасынын негизги маселелери болгон үй-бүлө структурасы, анын маданияты, үй-бүлөдө тарбиялоонун методдору да иштелип чыккан.

"Толук кандуу үй-булөнүн болушу жана ата-эненин үлгүсү чоң мааниге ээ".

500

Лесгафттын үй-бүлөк тарбия жөнүндө пикиринин мааниси эмнеде?  манилүү пикирлерди айткан. Өзүнүн «үй-бүлөлүк тарбия жана анын мааниси» деген китебинде тарбиянын аталган тармагын илимий негизде уюштуруу жолдоруна токтолгон. Ата-энелердин алдына балдарды мектепке чейинки мезгилде тарбиялоонун мааниси жогору койгон. Үй-бүлөлүк тарбиянын негизинде баланын өздүк жүрүм-турумуна тиешелүү адаттарды, көндүмдөрдү калыптанат.

Өзүнүн «үй-бүлөлүк тарбия жана анын мааниси» деген китебинде тарбиянын аталган тармагын илимий негизде уюштуруу жолдоруна токтолгон. Ата-энелердин алдында балдарды мектепке чейинки мезгилде тарбиялоонун мааниси жогору койгон. Үй-бүлөлүк тарбиянын негизинде баланын өздүк жүрүм-турумуна тиешелүү адаттарды, көндүмдөрдү калыптанат.

500

Европалык окумуштуулар арасында  Ломоносов жөнүндө кандай кептер тараган жана 1755-жыл Ломоносов менен кандай байланыштуу?

Россияда бир эле мезгилде эки Ломоносовдун бар экендиги жөнүндө ар кандай аңыз жараткан. Айрым маалыматтарда Ломоносов-химикти,  Ломоносов-жазуучу менен чаташтырбоо керек экендиги тууралуу пикирлер кездешкен. Ломоносовдун кийлигишүүсү менен Москвада университет ачылган: юридикалык, философиялык, медициналык факультети болгон. Ал Батыш Европалык университтерден диний факультеттин жоктугу менен айырмаланып турган.

500

К.Д.Ушинскийдин сабак жана окутунун методу жөнүндө айткандары.

Ушинский тарбиялык окутууга чоӊ маани берген. Ал тарбиялоо менен окутууну мектепке эки кишиге – мугалимге жана тарбиячыга бөлүп берүүгө каршы чыккан. Педагогикалык системасында сабакка жана сабак убагында окутуунун түрлөрү ар түрдүү болууга тийиш: жаӊы окуу материалын айтып берүү, көнүктүрүү, өткөндү кайталоо, балдардын билимин текшерүү, балдардын жазуу жана графикалык иштери кирет. 

500

А.С. Макаренконун негизги эмгектерин атагыла.

«Ата-энелер үчүн китеп» ; «Педагогикалык очерктер».

M
e
n
u