Сандын модулу деген эмне?
Эсептөө башталышынан ошол санга чейинки аралык сандын модулу деп аталат.
Бүтүн сандар деп кайсы сандарды айтабыз?
Натуралдык сандар, натуралдык сандарга карама-каршы сандар жана нөл санын бүтүн сандар деп айтабыз.
Терс сандар деген кайсы сандар?
Координата түз сызыгында нөлдүн сол жагында жаткан сандар терс сандар деп аталат
Натуралдык сандар деп кайсы сандарды айтабыз?
Буюмдарды саноодо колдонулган сандар натуралыдк сандар деп аталат.
Куттуктайбыз!
+100 балл
+100 балл
Терс сандарды салыштыруу эрежесин айтып бергиле
Терс сандардын модулу чоңу кичине болот
Мисалы: -31 жана -49
|-31|=31 ; |-49|=49
31<49
-31>-49
Терс сандарды кошуу эрежесин айтып бергиле
Терс сандарды кошууда ал сандардын модулдарын кошуп, келип чыккан сандын астына минус белгисин коёбуз.
Мисалы -20-35,5=-20+(-35,5)=-(20+35,5)=-55,5
Белгиси ар түрдүү сандарды кантип кошобуз?
Белгиси ар түрдүү сандарды кошуу үчүн модулу чоңунан модулу кичинесин кемитип, келип чыккан сандын алдына модулу чоңунун белгисин коёбуз.
Мисалы: -30+20=-(30-20)=-10
30+(-20)=+(30-20)=10
Рационалдык сандар деп кандай сандарды айтабыз?
Бөлчөк көрүнүшүндө б.а.m/n түрүндө жазууга мүмкүн болгон сандар рационалдык сандар деп аталат.
Рационалдык сандарга натуралдык сандар, бүтүн сандар, оң жана терс бөлчөктөр кирет
1, 8, 27, 64, ... сан катарынын бешинчи мүчөсүн тапкыла
Жообу: 125
13, 23, 33, 43, 53,...
23,6-30,1+14,5-6,8-1,9=?
23,6-30,1+14,5-6,8-1,9=
=(23,6+14,5)-(30,1+6,8+1,9)=
=38,1-38,8=-0,7
Жообу: -0,7
17,8-11,7-14,8+12,6-3,5=?
17,8-11,7-14,8+12,6-3,5=
=(17,8+12,6)-(11,7+14,8+3,5)=30,4-30=0,4
Жообу: 0,4
-32,8+23,8-19,7+14,5-11,7=?
-32,8+23,8-19,7+14,5-11,7=
=(23,8+14,5)-(32,8+19,7+11,7)=
=38,3-64,2=-25,9
Жообу: -25,9.
20,1-24,6+13,7-15,2+8,7=?
20,1-24,6+13,7-15,2+8,7=
=(20,1+13,7+8,7)-(24,6+15,2)=
=42,5-39,8=2,7
Жообу: 2,7
Өлчөнөт, бирок калыңдыгы, узундугу, туурасы жок.
Ал эмне?
Жообу: температура
К-15
1-вариант
1-мисал
Жообу: 4,4
К-15
2-вариант
1-мисал
Жообу: 3,5
К-15
3-вариант
1-мисал
Жообу: 3,5
К-15
4-вариант
1-мисал
Жообу: 12,8
Кийинки сан кайсы?
1, 4, 12, 15, 45, 48,...
1, 4 ,12, 15, 45, 48, 144,...
Түшүндүрүү:
1+3=4, 4*3=12
12+3=15, 15*3=45
45+3=48, 48*3=144
Жообу: 144
Берилди:
х - биринчи цехте иштегендердин саны
0,36х - экинчи цехте иштегендердин саны
2/3*0,36х - үчүнчү цехте иштегендердин саны Чыгаруу:
х+0,36х+,24х=480
1,6х=480; х=480/1,6=300 (1-цехтегилер)
0,36*300=108 (2-цехтегилер)
2/3*108=72 (3-цехтегилер)
Жообу: 300 киши, 108 киши, 72 киши
Берилди:
х- биринчи идиштеги май
0,35х- экинчи идиштеги май
5/7*0,35х- үчүнчү идиштеги май
Чыгаруу:
х+0,35х+0,25х=32
1,6х=32; х+32/1,6=20 (биринчи)
0,35*20=7 (экинчи); 5/7*7=5 (үчүнчү)
Жообу: 20 л, 7 л, 5 л.
Берилди:
х- биринчи глава
0,42х- экинчи глава
2/3*0,42- үчунчү глава
х+0,42х+0,28х=340
1,7х=340; х=340/1,7=200 (биринчи глава)
0,42*200=84 (экинчи глава)
2/3*84=56 (үчунчү глава)
Жообу: 200 бет, 84 бет, 56 бет.
Берилди:
х- “Audi”
0,45х - “Toyota”
5/9*0,45х - “Honda”
Чыгаруу:
х+0,45х+ 0,25х=340
1,7х=340;
х=340/1,7=200 (“Audi”)
0,45*200=90 (“Toyota” )
5/9*90=50 ( “Honda”)
Жообу: 200автомашина, 90 автомашина,
50 автомашина
Бир саат 25 минута артта калып,
1с 50 мин көрсөтүп турат.
Экинчи саат алдыга 15 минута кетип калса, ал саат канчаны көрсөтөт?
1 саат 50 мин+25 мин=2 саат 15 мин (туура убакыт)
2 саат 15 мин+15 мин =2 саат 30 мин (2-саат)
Жообу: 2 саат 30 минута