1855-жылы кайсы уруу Орусиянын курамына кирген?
Жооп: Бугу уруусу (17-январь)
Суроо: Алымбек датка кайсы вилаетти башкарган?
Жооп: Анжиян вилаетин (1858-1862)
Суроо: «Жети шаар» мамлекетин ким түзгөн?
Жооп: Йакуб бек (1865-1877)
Суроо: Сарт-калмактар кайсы жылы Орусиянын курамына өткөн?
Жооп: 1869-ж.
Суроо: Кокон көтөрүлүшү кайсы жылдарда болгон?
Жооп:
1873-1876-жж.
Суроо: Бугу-сарыбагыш чатагынан кийин бугулар кайсы төрөгө аскер жиберүүнү суранган?
Жооп: Боромбай Бекмурат уулу Батыш Сибирь генерал-губернаторуна
Суроо: Алымкул аталык кайсы жылы, кайсы салгылашууда каза тапкан?
Жооп: 1865-ж. 9-майда, Ташкентти коргоодо
Суроо:Йакуб бектин мамлекетин кайсы эки өлкө тааныган?
Жооп:Түркия жана Англия (1868-ж.)
Суроо: Шэньсилик дунгандардын лидери ким болгон?
Жооп: Бий Янху
Суроо: Пулат хан (Молдо Исхак) кайсы уруудан чыккан?
Жооп: Ичкиликтин бостон уругунан
Суроо:1859-жылы кайсы чеп курулган?
Жооп: Кастек чеби
Дабл 2х Суроо: Ташкент шаары кайсы жылы орус аскерлери тарабынан алынган?
Жооп: 1865-ж. 17-май
Суроо: Йакуб бектин мамлекети кайсы жылы кулатылган?
Жооп: 1877-ж. декабрь (кытай аскерлери тарабынан)
Дабыл 2х Суроо: Дунгандардын Жети-Сууга көчүшүнүн 2-этабы качан башталган?
Жооп:1884-ж. (Иле аймагы Кытайга кайтарылгандан кийин)
Суроо:Кокон хандыгы качан жоюлган?
Жооп: 1876-ж. 19-февраль (Александр II указга кол койгон)
Дабл 2Х Суроо: Байтик баатыр кокондук кайсы бекке каршы күрөш баштаган?
Жооп: Рахматулла бекке (1862-ж.)
Суроо:1867-жылы түзүлгөн Түркстан генерал-губернаторлугунун биринчи башчысы ким болгон?
Жооп:К.П. фон Кауфман
Дабл 2х Суроо: Йакуб бек кайсы шаардан баштап бийликке келген?
Жооп: Кашкар (Садык бек менен теңтайлашуу)
Суроо:Бий Янхунун тобу кайсы жерге түбөлүк отурукташкан?
Жооп:Кара-Коңуз (Токмоктон 8 км)
дабл Суроо: Көтөрүлүштүн экинчи этабында кайсы хан бийликке келип, орустарга каршы күрөшкөн?
Жооп:Насырэддин хан (Кудаяр хандын уулу)
Суроо: 1864-жылы кайсы уруулар Орусиянын курамына кирген?
Жооп:Солто уруулары
Суроо: Кокон хандыгы Орусияга вассалдык көз каранды өлкөгө качан айланган?
Жооп: 1868-ж. 29-январь (Кудаяр хан менен Кауфманнын келишими)
Суроо: 872-ж. Орусия менен Йакуб бектин ортосундагы келишим кайсы жерде кол коюлган?
Жооп: Ак-Сайдагы Чатыр-Көлдүн жанында
Суроо:Жети-Сууда нече дунгандык болуш түзүлгөн?
Жооп:5 болуш (Марииндик, Кара-Коңуздук, Александровкалык, Жаркенттик, Жалпак-Дөбөлүк)
Суроо: Пулат хан качан, кайсы жерде дарга асылган?
Жооп:1876-ж. 1-мартта, Маргалаңда