Окуучулар ортосундагы кылмыштуулук
Буллинг
Кибербуллинг
Тартиптүү мектеп
Макалдын мааниси
100

Окуучулар арасындагы кылмыштуулук деген эмне?

Окуучулар арасындагы кылмыштуулук – бул мектеп жашындагы балдардын мыйзамга каршы келген аракеттерди жасоосу (уурдоо, урушуу, бейбаштык ж.б.).

100

Буллинг деген эмне?

Буллинг – бул бир окуучунун башка окуучуга карата жасалган мазактоо, коркутуу же зомбулук көрсөтүү.

100

Кибербуллинг деген эмне?

Кибербуллинг — интернет, соц. тармактар же юлдук телефон мн башка адамды мазактоо, коркутуу же басмырлоо.

100

Тартип деген эмне?

Тартип – бул адамдардын өзүн жана башкаларды урматтоого, эрежелерди сактоого болгон жөндөмү.

100

«Тартип – ийгиликке жол ачат»

Тартиптүү адам сабакка дайым убагында келет, үй тапшырмасын аткарып,классташтарын урматтайт

200

Окуучулар эмне үчүн кылмышка барышы мүмкүн?

Себептери ар кандай болушу мүмкүн: үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, жаман чөйрө, тарбиянин жетишсиздиги, достордун таасири.

200

Буллингдин кандай түрлөрү бар?

Физикалык (уруу, түртүү), сөз менен (мазактоо, кемсинтүү), социалдык (четтетүү)

200

Кибербуллинг кайсы жерлерде болушу мүмкүн?

Соц. тармактарда, мессенджерлерде, оюн платформарында, комментарий бөлүмдөрүндө болушу мүмкүн.

200

Мектепте тартиптин мааниси эмнеде?

Мектепте тартип окууну жеңилдетет, классташтар менен жакшы мамиле түзүүгө жардам берет жана коопсуздукка шарт түзөт.

200

«Мектеп – тарбия башаты»

Мектепте биз тартипти, маданиятты жана өзүн-өзү башкарууну үйрөнөбүз. Ар бир сабак жана иш-чара бизди тарбиялуу адам кылууга жардам берет.

300

Мектепте эң көп кездешкен укук бузуулар кайсыл?

Урушуу, бирөөнүн буюмун уруксатсыз алуу, сабактан качуу, мугалимдерди укпоо.

300

Буллингдин курмандыгына кандай таасир тиет?

Окуучунун маанайы түшөт, өзүнө болгон ишеними азаят, коркуу пайда болуп, кээде окууга кызыгуусу жоголо баштайт.

300

Кибербуллингдин кандай түрлөрү бар?

Мазактоо, жалган маалымат таратуу, коркутуу, уят сүрөт же видеолорду бөлүшүү.

300

3.Тарбиялуу коом деген эмне?

Тарбиялуу коом – бул өз элинин салттарын урматтаган, мыйзамдарды сактаган жана башкаларды сыйлаган адамдар жашаган коом. 

300

«Урматтоо – коомдун алтын эрежеси»

Башкаларды сыйлоо, мугалимдерди угуу жана классташтарга жардам берүү -тарбиялуу коомдун негизги белгилери.

400

Кылмыштуулукту кантип алдын алуу керек?

Тарбиясын жакшыртуу, ата-энелер менен мугалимдердин көзөмөлү, жакшы чөйрө түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.


400

Эгер сен буллингди көрсөң эмне кылышың керек?

Чоңдорго (мугалимге, ата-энеге) билдирүү, курмандыкка жардам берүү, өзүң кошулбоо.

400

Эгер кибербуллинге кабылып калсаң эмне кылуу керек?

Жооп бербөө, далилдерди сактоо (скриншот), ишенимдүү чоңдорго же мугалимге айтууу, керек болсо аккаунтту блоктоо.

400

Тартип жана тарбия бири-бирине тиешеси барбы?

Ооба, тартип – бул тарбиянин көрүнүшү. Тарбиялуу адам ар дайым тартипти сактайт жана башкаларды урматтайт.

400

«Тартипти сактоо – жоопкерчиликтин көрсөткүчү»

Сабакка келүү, тапшырмаларды атаруу, коомдук иштерге катышуу – бул тартиптин жана жоопкерчиликтин белгилери.

500

Окуучу мыйзам бузса кандай жаза колдонулушу мүмкүн?

Эскертүү, мектеп ичинде тартип чаралары, ата-энеге кабар берүү, оор учурларда мыйзам боюнча жоопкерчилик тартуу.

500

Буллингди кантип алдын алууга керек?

Бири-бирин урматтоо, достук мамиле түзүү, мектепте тарбиялык иштерди жүргүзүү, мугалимдердин көзөмөлү.

500

Кибербуллингди кантип алдын алуу керек?

Жеке маалыматты бөлүшпөө, коопсуз парол колдонуу, башкаларды сыйлоо жана интернетте маданияттуу болуу.

500

Мектепте тартипти сактоо үчүн эмне кылуу керек?

Сабакка убакытында келүү, мугалимдин жана классташтардын сөзүн угуу, тазалыкты сактоо, жардам сураганда жана берерде урматтоо көрсөтүү

500

«Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат»

Эгерде  бала үйдө  , мектепте ырааттуу жана маданияттуу  тарбия алса, чоңойгондо да тартиптү, билимдүү жана жоопкерчиликтүү болот...

M
e
n
u