Күчтү өлчөөчу курал эмне деп аталат?
Динамометр
Салыштырмалуулук теориясынын автору ким?
Альберт Эйнштейн
Басымдын бирдиги болуп эмне эсептелет?
Паскаль
Убакыттын өтүшү менен нерсенин башка нерселерге салыштырмалуу абалынын өзгөрүшү эмне деп аталат?
Механикалык кыймыл
Бир үй-бүлөдө 7 эже-сиңди бар.Ар бир эже-сиңдинин бирден агасы бар. Бул үй-бүлөдө жалпы канча бир тууган?
7 кыз+1 бала=8 бир тууган
Узундукту эң жогорку тактык менен өлчөө үчүн кайсы курал колдонулат?
рулетка
Бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ким ачкан?
Исаак Ньютон
Энергия менен жумуш бирдей бирдик менен өлчөнөт.Ал кайсы
Джоуль
Бирдик аянтына аракет эткен күчтүн физикалык мааниси эмнени түшүндүрөт?
басым
Сен чуркоо боюнча мелдешке катышып жатасың.Эгер сен экинчи орунда келе жаткан адамды ашып өтсөң , анда сен канчанчы орунга чыгасың?
2-орунга
Атмосфералык басымды өлчөөчү курал кандай аталат?
барометр
Заманбап компьютерлин атасы деп кимди аташат?
Алан Тьюринг
Заттын өлчөмү кайсы бирдик менен өлчөнөт?
Моль
Заттын молекулаларынын баш аламан кыймылынын орточо кинетикалык энергиясын мүнөздөөчү чоңдук?
жылуулук саны
Стакандагы сууда муздун кесеги сүзүп жүрөт.Эгер муз толугу менен эрип кетсе стакандагы суунун деңгээли кандай өзгөрөт?
өзгөрүлбөйт
Суюктуктун же катуу нерсенин көлөмүн кайсы куралдын жардамы менен аныктаса болот?
Мензурка
Атомдун планетардык моделин (электрондор ядрону айланып турат деген теорияны) ким сунуштаган?
Эрнест Резерфорд
Жыштыктын өлчөө бирдиги кайсы?
Герц
Нерсенин инерциялуулугун мүнөздөөчү физикалык чондук кайсы?
масса
Сен лифтин ичинде таразада турасың. Лифтин арканы үзүлүп кокусунан үзүлүп кетип, ал эркин кулай баштаса, тараза сенин салмагыңды канча деп көрсөтөт?
салмагы 0
Электр чынжырындагы чыңалууну өлчөө үчүн кайсы прибор колдонулат?
вольтметр
Кванттык физиканын атасы деп кимди аташат?
Макс Планк
Каршылыктын бирдиги кандай аталат?
Ом
Нерселердин бири-бирине жасаган аракетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук кандай аталат?
күч
Сага бир аз убакыттан кийин ичүү үчүн чай беришти.Чай тезирээк муздаш үчүн сүтту качан кошуу туура: дарообу же бир аздан кийинби?
бир аздан кийин