Жылкычынын ыры?
Шырылдаң
"Жаркырап жалдын гүлүндөй,
Жалгандын кадыр түнүндөй
Отурат мерген өргөөдө
Оюна бир сөз илинбей "
Жогорудагы портреттик мүнөздөмө кимге берилген?
"Кожожаш" эпосундагы башкы каарман Кожожаштын өзүнө.
"Манас" эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет — канча ыр сабынан турат?
500553 ыр сабынан турат
Сур эчки "Кожожаш" эпосунда кандай ролду ойнойт?
Кайберендердин ээси, табияттын символу.
Айтым деген эмне?
Айтым – байыркы учурларда ыр деген сөздүн ордуна колдонулган, азыр да Кытайдагы кыргыздар көбүнчө ыр дебей айтым дейт.
Эламандын Төштүгү минген ат
Чалкуйрук
Кулчоро жана Канчоро кимдер болгон?
Манастын чоросу Чубактын уулдары
Семетейдин чоролору
"Кожожаш" эпосу кайсы жанрга кирет?
Кенже, мифогологиялык эпостор
Канчанчы жылы кимдин сунушу менен фольклор деген түшүнүк киргизилген?
1847-ж. англиялык окумуштуу В. Томстун сунушунан кийин фольклор деп аталат
Кыргыз уламыштары тематикасына карап, канча топко бөлүнөт.
Кыргыз уламыштары тематикасына карап, жалпысынан эки чоң топко – тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, ) ж-а топонимикалык (жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт.
Aлмaмбeт ким жана ата теги ким болгон?
Манастын 40 чоросунун бири, ата-теги кытай болгон.
Кожожаштын образы эпосто кандай мааниге ээ?
Кыргыз фольклористкасынын өнүгүшүнө кайсы илимпоздор чоң салым кошушкан?
Ч. Валиханов, М. Ауэзов, С. Абрамзон, М. Богданова, К. Мифтаков, Ы. Абдырахманов, Б. Юнусалиев, Б. Керимжанова жана башкалар илимпоздор
Атам какбаш ат бербей,
Калдым кара талаага,
Менден салам айта бар,
Каралдым жалгыз балага ....
… Эл-журтума мен жактан
Айтып өт досум саламды.
Ардактап жакшы багып ал,
Аркамда жалгыз баламды…
Бул саптар (кандай) эмнеден үзүндү жана кайсы чыгармадан?
Курманбек талаада каза болуп бара жатып, досу Акканга айтып жаткан керээзи
"Курманбек" эпосунан
Манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен эң көлөмдүүсү кайсы:
“Семетей” — 397 775 сап
Сур эчки Кожожашты эмнеге каргап, аны азгырып алып кетерин айтат? Ал эми Кожожаштын жообу кандай болгон?
Ала баш текеден айрылган Сур эчки Кожожашты каргап, аны азгырып алып кетерин айтып, ошол убадасына жетет. Ал эми Кожожаш болсо ок чыгарбастан кууп кармап аларын эскертет.
Көч, көч бадик, көч бадик, көчкөндөй көч,
Көмүр болуп күйгөн от өчкөндөй көч.
Майлуу сорпо бетиңе бүрккөндөй көч,
Кара чоктуу калмактан үрккөндөй көч.
Сулуу десең калмактын кызына көч,
Кандай ыр саптары жана кайсы учурда ырдалган
Бадик (кырг. – эски оорунун аты) – оору-сыркоону айыктыруу ырасмына байланыштуу аткарылуучу ыр. Бадик адамдын дениндеги ооруну кубалоо үчүн ырдалган:
Камбаркан деген эмне?
Камбаркан - кыргыздын байыркы салт-күүсү. Эл арасында күүнүн башы «Камбаркан», ал эми элдик уламыш боюнча Камбар болсо комузду биринчи ойлоп тапкан тунгуч күү чыгарган киши деп аталат
Жакып менен Чыйырды кандай максатта өз баласын малайлыкка жана кимге беришет?
«Эркелетип тим койбой койчуга малай берип катыктыралы», — деп Жакып байбичеси Чыйырды менен Манасты өз койчусу Ошпурга жеткирип берет да, баласына угузбай балам катыксын, козу кайтарт, кээде ач, кээде ток болсун, кеби тийсе, тил албаса какыс-кукус кылып кой деп тапшырат.
Чыгармадан кайсы кино жаралган?
1985-жылы таланттуу режиссер Төлөмүш Океев "Ак илбирстин тукуму"деп аталган 1 саат 20 мүнөттүк көркөм тасма тарткан.