морфология
синтаксис
пунктуация
лексика
аналогия
100

Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

а) боеюн, кыйайын             б) сойойун,күйөмүн

в)тоеюе, койоюн                 г)таяйын, бөлөйүн

г)таяйын, бөлөйүн

100

Кайсы вариантта сөз айкашы берилген?

а)кызыл-тазыл

б)кызыл ашык

в) кызыл ээк

г) кызыл жоолук

г) кызыл жоолук

100

Кайсы варианттагы сүйлөмгө үтүр жетишпейт?

а) Назира эженин улары сүттүү.

б)Назира эже сүт берип турасызбы?

в) Назира эже конокко чакырып жатыптыр.

г)Назира эже  үйгө келип кетиптир

б)Назира эже сүт берип турасызбы?

100

Асты сызылган сөз тизмегинин маанисин аныкта.

Жолборс жүрөк, таш билек жигиттерибиз турганда,эч нерседен коркпойбуз.

а) кайраттуу

б)намыстуу

в) айбаттуу

г) карылуу

г) карылуу

100


Сүрөт : пейзаж
- а)Чыгарма : роман
- б)Калпак : баш кийим
- в)Китеп : дептер
- г)Дарак : жалбырак

а)Чыгарма : роман

200

Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы  жазуу эрежесине ылайык жазылган?

а) бүгүңкү, эртеңки,чачты

б) чаңга, астынкы, сарала

в) бүгүнкү, астынкы, чачтуу

г) багымбас, күчтүү, сары ала

в) бүгүнкү, астынкы, чачтуу

200

Берилген мисалдардын ичинен кайсынысы эркин сөз айкашы боло алат?

а) ит-куш

б)ит мурун

в)ит жандуу

г)иттин уясы

г)иттин уясы

200

Кайсы вариантта кашаа туура коюлган?

а) Молдо (Кылыч) жазгыч акын болгон.

б) Кино ("Ата  конуш) жумасына төрт жолу болот.

в) Анын айткандарынын баары:(алдаганым да, тоногонум да) чын.

г) Ооруканага тамак (аш) ташып жүрүп эле өмүрү өттү.

б) Кино ("Ата  конуш) жумасына төрт жолу болот.

200

"Көз ачып көргөн" баласын башкалардан арттык  көрөт.

Тырмакчага алынган сөз тизмегинин  маанисин аныкта

а) эң кичүүсүн

б) биринчи төрөлгөнүн

в) жароокерин

г) ооруп калганын

б) биринчи төрөлгөнүн

200


 Мектеп : мугалим
- а)Космос : жылдыз
- б)Оорукана : дарыгер
- в)Дарыя : кайык
- г)Фильм : актёр

б)Оорукана : дарыгер

300

"Тамаша" деген сөзго кайсы мүчөнү улаганда, жаңы сөз жасалбайт?

а)-ла

б)-көй

в)-лар

г)-луу

в)-лар

300

Жогорудагы боштукту кайсы сөз менен толуктасак, туруктуу сөз айкашы  түзүлгөн болот?

_______________ бар.

а) досунда

б) дээринде

в) үйүндө

г) Дубайда

б) дээринде

300

Асан, Жеңиш, Жанара-...

Бош орунга  кайсы варианттагы сүйлөм бөлүгү коюлат?

а) силер өзүңөрдөн кийинки ини-карындаштарыңарга үлгү болгула.

б) чет өлкөдө өтө турган фестивалга жолдомо алышты.

в) баары тең акылдуу, ыймандуу, адамгерчиликтүү балдардан болуп чоңоюп келе жатышат.

г) силерди  Майрам эжей чакырып жатат.

в) баары тең акылдуу, ыймандуу, адамгерчиликтүү балдардан болуп чоңоюп келе жатышат.

300

Кайсы варианттагы  тырмакчага алынган сөз өтмө мааниде колдонулду?

а) Жүрөктүн "музу" эриди

б) Жердин "тоңу" кете элек

в)"Көңүлү" көкөлөп көтөрүлдү.

г) Кыштын "суугу" кайтты.

а) Жүрөктүн "музу" эриди

300


 : Калем : текст
-а) Манжа : тырмак
- б)Казан : аш
- в)Айран : сүт
- г)Кисть : сүрөт

г)Кисть : сүрөт

400

Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы сын-сыпатты билдирген сөздөрдөн жасалды?

а) маданий, сыйлык, мээнеткеч

б)сабырдуулук, кыялкеч, талапчыл

в) жаштык, көгүлтүр, жакшылык

г) айдай, сулуулук, көпшөк

в) жаштык, көгүлтүр, жакшылык

400

........... сынуу

Жогоруда берилген сөз кайсы катардагы сөздөрдүн баары менен туура айкашат?

а)шагы, ою, тарагы

б)күрөгү, күчү, көзү

в)назары, мүнөзү, аракети

г) сөзгө, карандашы, көңүлү


г) сөзгө, карандашы, көңүлү

400

Сүйлөмдөгү кайсы сөздөрдөн кийин үтүр келиши керек?

Биринчиден берекем көп эле эркелей бербе.

а) Биринчиден, берекем

б) Берекем, көп эле

в) Биринчиден, көп эле

г) Берекем, эркелей

а) Биринчиден, берекем

400

Ишке тез эле аралашып ,__________.

Сүйлөмдөгү бош орунду  кайсы варианттагы сөз менен толуктасак, мааниси туура болот?

а) камчысын чаап кетти

б)камчы салдырбай кетти

в)камчыга ченеп бөлө баштады

г) камчыга ала баштады

б)камчы салдырбай кетти

400

 Отун : меш
- а)Компьютер : принтер
- б)Телефон : бирдик
- в)Борбор : өлкө
- г)Бензин : унаа

г)Бензин : унаа

500

Кайсы варианттагы создөрдүн бардыгы кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдөн жасалды?

а) казуу,табыш,сууса

б)ташымал,өткөөл, чалма

в)илим, чечим, ишкер

г) тепкич, чалгы, балка

б)ташымал,өткөөл, чалма

500

Сүйлөмдөгү кайсы эки сөздүн ордун алмаштырсак, сөз айкашы пайда болот?

а)Өлкө  өнүккөн

б) Мекениме кайттым

в)Өлкөнү өнүктүрөм

г) Мекенин сагындым

а)Өлкө  өнүккөн

500

Алар операга искусствонун  ар кандай түрлөрүн поэзия менен музыканы драма менен живописти бириктиришкен.

а) үтүр, үтүр

б) сызыкча,үтүр

в) кош чекит, үтүр

г) кош чекит, сызыкча

в) кош чекит, үтүр

500

Кайсы катарда маанилеш сөздөр берилген?

а) ыкчам, шашма, тынчы жок

б) шоола,нур, көлөкө

в) маданияттуу, сыпайы, зээндүү

г) кадыр-барк, аброй,бедел

г) кадыр-барк, аброй,бедел

500


 Жакшы : жаман
- а)Оң : терс
- б)Өйдө : жогору
- в)Бөксө : ашыкча
- г)Дурус : ырас

а)Оң : терс