Нурдинге атасы 25 сомдун 5 тен 2 бөлүгүн берди. Нурдин атасынан канча сом алды?
25:5=5
5*2= 10
Жообу: атасынан 10 сом алды
-Бугу эне дегениң эмне?
-Билбейсиңби?
-Жок, чырагым, мындай кепти эстей албай жатам.
-Сен өзүң кимсиң анда?
- Мен казакмын. Караганда шаарында турам.
Кимдер аңгемелешип жатышат? Кайсы чыгармадан алынган?
Бала менен шофёр
"Жети ата" чыгармасы
Сан атооч деген эмне?
Заттын санын, эсебин, иретин билдирип, канча? нече? канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берген сөздөр сан атооч деп аталат
Кыргызстандагы эң бийик тоо кайсы?
Жеңиш пиги
Кыргызстандын борбору?
Бишкек
Гүлүм 20 га чейинки сандардын так сандарын барактын оң жагына, жуп сандарын сол жагына бөлүп жазды. Так сандардан суммасы 20 га барабар болгон туюнтмалардан бешти жазды. Жуп сандардан суммасы 20 га барабар болгон канча туюнтма түзүүгө болот?
Жообу: 4 туюнтма түзүүгө болот
12+8= 20. 16+4=20
14+6=20. 18+2=20
Тамгаларын өзгөртсө,
Жаңы сөздөр жасалат.
Бул табышмак, бул оюн,
................деп аталат.
Логогриф деп аталат
Эсептик сан атоочту тапкыла
а) беш өрдөк
б) алтынчы орун
в) тогуз
г) 21-март
Тогуз
Тоолордун бийиктиги эмнеси менен айырмаланат?
Бөксө, тайпак, бийик тоолор болуп айырмаланышат
.............иштебесе, буту- колуңдун шору.
Башың
Жактары 4 см жана 7 см болгон тик бурчтукту чий. Анын периметрин тап. Периметрге барабар болгон кесинди чий.
P= 4+7+4+7=22 см
22 см кесинди чийдик
"Чоң ата менен небере" чыгармасында чоң атасы кимге, эмне алып келип берди?
Болотко чаарчык алып келип берди
Сүйлөмдөрдөгү каталарды тапкыла
1. Айнура 3 класста окуйт.
2. Биз акыл таймашта 1 орунду алдык.
3. Энелердин майрамы 8 мартта болот.
1. 3-класста
2. 1-орунду
3. Сегизинчи мартта
Кургактык менен жүрүүчү эл аралык соода жолунун аталышы?
Улуу Жибек жолу
Асманда калкыйт?
Булут
"Тик бурчтук" деген эмне?
Карама- каршы жактары эки экиден барабар, бурчтары тик болгон төрт бурчтук, тик бурчтук деп аталат
Алтың менен аңга түш,
Айтпай койбой не болдум!
Ширин этин мен чайнап,
Эзип жебей не болдум!
Кайсы жаныбардын арманы? Кайсы чыгарма жөнүндө сөз болуп жатат? Автору ким?
🦊 арманы
Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы
Тоголок Молдо
Сүйлөмдөгү сан атооч сөздөр менен зат атооч сөздөр айкалышып, эмнени түзүшөт? Мисал келтиргиле.
Сөз айкаштарын
М: он жумуртка, беш алма, тогуз балык ж. б.
Жусуп Баласагын кандай аталыштагы чыгарма жараткан?
Кутадгу билиг (Кут берчү билим)
Кичине бала жатуучу манеж кыргызча
Бешик
Бир нече кошулуучулардан турган туюнтманын маанисин табууда колдонулуучу амал кайсы?
Кошуу амалы
Кичинекей тилмеч, алгачкы эмгек акысына эмне алды?
Майлуу жилик
"Үчүнчү класс" деген сөздү жөндөгүлө
А- үчүнчү класс
И- үчүнчү класстын
Б- үчүнчү класска
Т- үчүнчү классты
Ж- үчүнчү класста
Ч- үчүнчү класстан
Эң узун кырка тоо кайсы?
Какшаал-Тоо
Суу кайнаганда эмне чыгат?
Буу