Эки сандын суммасы 120 айырмасы 8 бул кайсы сандар
64;56
Кайсы сөздөр дайыма туура эмес жазылат?
Ката жазылган сөздөр
Интернет качан пайда болгон?
1969-ж
Тез айтууга машыктыруучу сөз айкашы
Жаңылмач
Азамат (эр жигит) 1 сырдуу___________
100 кырдуу
202 көз канча адамга таандык?
1 адамга 2 жүз 2көз
Бир эле учурда 18 адамды ташуу үчүн канча 4 орунду кайык керек?
18:4=4 калдык 2
5 кайык керек
Информацияны өлчөө бирдиктери
бит,байт,кбайт,мбайт,гбайт
Данды майдалоочу байыркы таш курал
Жаргылчак
Ар адамда бир кыял ____________________
ал кыялды ким тыяр
Алгебранын негиздөөчүсү ким?
Муса ал-Хорезми
Бир жылда канча айда 28 кун бар?
баарында
Үй да көчө да эмес Бирок так багыт берүүчү өз ичине өзгөчо жандык "кичинекей маймылды камтыйт.Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
электрондук дарек
2ге калдыксыз бөлүнгөн сан
жуп сан
Бир казанда ___________________________
эки кочкордун башы кайнабайт
1+3 кайсы убакта 1 болот
Түшку убакта
Жумуртка
Адамдын ден соолугуна компьютердин кайсы бөлүгү терс таасирин тийгизет?
Монитор
Физикада бир убакыт бирдигиндеги термелүүлөрдүн саны (герц менен өлчөнөт)
жыштык
Миң жолу уккандан__________________
бир жолу көргөн артык
Кайсы санды 3ге бөлсө да 2кө бөлсө да калдыгы 1 болот
7
Фабрикада күнүнө 28 автомобиль чыгат. 1 айда канча автомобиль чыгарат?
Фабрика автомобиль чыгарбайт.
WWW сөзүн толук айт
World Wide Web же Бүткул Дүйнөлүк Желе
"Манас"эпосундагы Манастын алгачкы ырчысы,биринчи манасчы
Жайсаң
Акылдуу бир жылдыгын ойлосо,_______________
акмак бир күндүгүн ойлойт