Тили
Тыбыш деп эмнени айтабыз?
Биз сүйлөгөндө угулган айрым-айрым үндөр.
Телефондо улуу адамга орой сүйлөгөн баланын ысымы?
Абыл.
Эки муун бириккен чекит сынык сызыктын эмнеси деп аталат?
Чокусу.
“Куштар кетти” деген ырдын автору ким?
А.Осмонов
Короз өзүн канаттуу дей алабы?
Жок, анткени ал сүйлөй албайт.
“Жашылчалар” деген сөздө канча үндүү, канча үнсүз бар?
4 үндүү, 6 үнсүз.
Ким түшүндө акча көрдү?
Апенди.
1дм 2см болгон кесинди сыз. Ал канча см?
12см
Арсланбап жаңгак токою кайсы облуста?
Жалал-Абад.
Жумулган көз менен эмнени көрсө болот?
Түш көрсө болот.
Кыргыз тилиндеги тыбыштар кандай топко бөлүнөт?
Үндүү жана үнсүз.
Акылман ата балдарына эмне деп кеңеш берди?
“Ынтымактуу болгула” -деп.
Кыздар класстык китепканага 6 китеп, балдар 5 китеп алып келип кошушту. Китепканага бардыгы канча китеп алып келишкен?
6+5=11
Китепканага бардыгы 11китеп алып келишкен.
Бир жылда канча күн бар?
365
Эң чоң казанга эмне батпайт?
Өзүнүн капкагы.
“ Э, ээ, ө, өө, ү, үү, и” кандай үндүүлөр?
Ичке үндүлөр.
“Билим түгөнбөс байлык” аңгемесинде жолоочу аялга балаңды каяка жибер деп кеңеш берет?
Окууга.
Эки окуучу бирдей аралыкка жарышып чуркашты. Биринчиси 10секунда, экинчиси 8секунда чуркады. Кимиси мурда келди жана канча секундага?
10-8=2
Экинчи окуучу 2секундага мурда келди.
Кыргызстандагы эң чоң көл кайсы?
Ысык-Көл
Элдин баары уимге барганда баш кийимдерин чечишет?
Чач тарачка.
“Ваза, халат, борщ” деген сөздөр кайсы тилден алынган?
Орус тилинен.
“Желе” деп эмнени айтабыз?
Кулун байлануучу керме жип.
17сомум бар. Блокнот алайын десем 2сом жетпей калды. Блокнот канча сом?
17+2=19
Блокнот 19 сом.
Кыргызстандын атрибуттарын( символдорун) атап бер!
Туу, герб, гимн.
Менин атамдын баласы, бирок ал менин агам да эмес, иним да эмес. Ал ким?
Мен өзүм