Улуттук тамак-аштар
Улуттук оюндар
Адабият
Улуттук кийимдер
Каада-салт
100

Беш бармакка эт жана кесмеден башка эмне кошулат?

чык (шорпо)

100

Кыргыздын эң популярдуу ат оюндарынын бири. Эки команда ат үстүндө болуп, текенин же улактын денесин талашып тартышат.

Көку бөрү

100

"Кожожаш" эпосундагы Кожожаш кайсы эчкинин каргышына калат?

Сур эчкинин

100

Кыргыздын Ала-Тоосун элестеткен баш кийим кайсы?

Ак калпак

100

адамдар жана аксакалдар жаштарга Улуу ак тилегин билдирип, ырыскы, бакыт каалайм.

Ак бата

200

Дан эгиндеринен (арпа, буудай, жүгөрү) ачытылып жасалган, суусаганды баскан жана абдан аш болумдуу улуттук суусундук?

Максым (же Жарма)

200

АТ ЧАБЫШТА КҮЛҮКТӨР КАНЧА АРАЛЫККА ЧАБЫЛАТ  ???

12-15км

200

Эр Табылдынын атасы ким?

Эрманхан

200
Кыз турмушка узап бара жатканда кийилүүчү баш кийим кайсы?

Шөкүлө

200

Ымыркай жаңы төрөлгөндө оозуна сары май салат, бул кандай аталат?

Оозантуу

300

Жылкынын этинен жана майынан жасалган, атайын ичегиге салынып, ышталган же кургатылган улуттук деликатес.

Чучук

300

Кыргыздын улуттук акыл оюну. Ал тактайда 36 чуңкурча жана 72 тоголок менен ойнолот.

Тогуз коргоол

300

Аргымакты жаман деп,

Бууданды кайдан табасың?

(Ырдын автору жана темасы)

Токтогул Сатылганов "Санат" ыры

300

Жүн, тери же кездемеден жасалган, кышкы сууктан коргоо үчүн сырттан кийилүүчү, узунсун, жылуу кийим.

Тон же ичик

300

Жайлоого көчүп бара жатканда аксакалдар алгач эмне кылат?

Журт чалат

400

Нооруз майрамында сөзсүз даярдалуучу, жети түрдүү азыктан жасалган салттуу тамактын аталышы.

Сүмөлөк

400

Бул оюндун максаты — жерге атайын белгиленген сызыктан же тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу. Көбүнчө топ (команда) менен ойнолот.

Ордо

400

Көзү азиз (сокур) акын ким?

Барпы Алыкулов

400

Ак бөстөн (материал) жасалган, анын узундугу айрым учурда 40метрге жеткен аялдардын баш кийими кайсы?

Элечек

400

Аталар уулдарына мурас катары эмнени бөлөт?

Үлүш бөлөт

500

Көбүнчө тойлордо, салтанаттарда союлган малдын (кой же жылкы) этин сөөгү менен бышырып, табакка тартууда колдонулган тамактын аталышы.

Нарын

500

Ат үстүндө бараткан чабандес жерге ташталган тыйынды же майда буюмду эңкейип алып кетүүгө аракет кылган оюн.

Тыйын эңмей

500

"Баскан жол" чыгармасы кимдин калемине таандык?

Калык Акиев

500

Илгери кыргыздын кыздарынын чачын өрүп, өрүмдүн учуна тагып, кыймылдаганда шыңгыраган үн чыгаруучу кооздук.

Чачпак же чач учтук  же чолпу

500

Кийиктен же олжолуу келе жатканда ооз тийсин деп алдына чыккан олжосунан бир аз бөлүп берет, бул кандай аталат?

Шыралга