Үч куш учуп бара жатат. Анчыже мергенчи бирөосүн атып түшүрдү. Канча куш калды?
0 - калган куштар коркуп учуп кетет.
Компьютер кандай бөлүктөрдөн турат?
Негизги бөлүктөрү: Системалык блок, монитор, клавиатура, чычкан
Paint деген эмне?
Компьютерде сүрөт тартып, боёп, жөнөкөй графикалык иш жасоого мүмкүн болгон программа.
Веб деген эмне?
Бул интернет аркылуу маалыматтарды көрүүгө жана колдонууга мүмкүнчүлүк берүүчү система
Электрондук байланыш деген эмне?
Маалыматты интернет же электрондук жабдуулар аркылуу алмаштыруу процессин электрондук байланыш дейбиз.
М:телефон,электрондук почта,социалдык тармактар
1 кг темир оорбу, же 1 кг пахта оорбу?
Экөө тен - салмагы 1 кг
Клавиатуранын милдети кандай?
Текст жазууга , буйруктарды киргизүүгө жардам берет
"Кисть" куралы эмне үчүн колдонулат?
Ар кандай формадагы сызыктарды,боёкторду тартуу үчүн
Веб сайт деген эмне?
Интернеттеги маалыматтар топтому
Электрондук почта деген эмне?
Электрондук почта-интернет аркылуу кат жөнөтүү жана кабыл алуу кызматы.
Түндө саат 12 болчу. 12 сааттан кийин саат канча болот?
12 болот (күндүзгү)
Компьютер деген эмне?
Компьютер маалыматты кабыл алып, сактап, иштеп чыгып жана чыгарган электрондук түзмөк
"Линия" куралынын милдети кандай?
Түз сызык тартууга жардам берет.
Браузер деген эмне?
Сайттарды ачып көрүүгө жардам берген программа.
Видео байланыш деген эмне?
Адамдар видео жана үн аркылуу онлайн сүйлөшө ала турган технология
М: Zoom, Google Meet
Бир китепте 10 баракча бар. Ар бир баракчада эки бет болот.Китепте канча бет бар?
20бет. Себеби 10 баракча * 2 бет = 20 бет
Системдик блок деген эмне?
Компьютердин мээси- бардык ички түзүлүштөр жайгашкан негизги бөлүк
Сүрөттү кантип сактайбыз?
"Файл-Сохранить как" буйругу аркылуу.
Интернет менен вебдин айырмасы
Интернет дүйнөлүк компьютер тармагы
Веб ошол тармактагы маалымат бөлүгү
Электрондук байланыштын артыкчылыктары кандай?
Маалымат тез жетет, аралыктан байланышууга болот, Файлдарды жөнөтүүгө ынгайлуу
Эки апа жана эки кыз дүкөнгө киришти. Бардыгы бирден баш кийим сатып алды.Дүкөндөн чыкканда алар жалпысынан 3 баш кийим кармап жатышты кантип?
Алар үчөө: апа(эже), анын кызы жана небереси.Ошондуктан 2 апа =2 кыз- 3 адам
Оперативдик эс (RAM) деген эмне?
Убакыттын ичинде колдонулган маалыматтарды убактылуу сактайт.Компьютер өчкөндө RAM дагы маалымат өчөт.
"Масштаб" куралы эмне үчүн керек?
Сүрөттү чонойтуу же кичирейтүү үчүн
Веб технологиялары эмне үчүн керек?
Маалымат алуу, окуу, байланышуу, оюн ойноо, видео көрүү, онлайн кызматтарды колдонуу үчүн
Электрондук байланышта коопсуздукту кантип сактоо керек?
Жеке маалыматты бөлүшпөө
Билбеген шилтемелерди ачпоо
Бөтөн адамдар менен сүйлөшпөө
Катуу сыр сөзүн коюу(Пароль)