Алгебра
Геометрия
Информатика
Ар кандай суроолор
А категориясы
1

3(5х-4)-8х=4х+9   теңдемесин чыгаргыла.

Жооп:  х=7

1

Карама -каршы жаткан жактары параллель болгон төрт бурчтук эмне деп аталат?

Параллелограмм

1

Алгоритм канча типке бөлүнөт? Аларды атап бер.

Жооп: 3         Сызыктуу, тармактуу, кайталануучу

1

Кайсы айларда 28 күн бар?

Жооп: Бардык айда

1

Нургазы кайсы кино тасмасынын каарманы?

Жооп: Ак кеме

2

Көбөйтүүчүлөргө ажыраткыла. 10а- 40а=

Жооп:  10а(а - 4)

2

АВС үч бурчтугу берилген. Е - АС жагынын ортосу, F - BC жагынын ортосу. Эгерде АВ =12дм болсо, ЕF орто сызыгын тапкыла.

Жооп: 6дм

2

Бир байт эмнеге барабар?

Жооп: 8 битке

2

Төрт адам 4 саат бою домино ойношту. Ар бир адам  канча сааттан ойноду?

Жооп: Ар бири 4 сааттан

2

Жылдын 4-айы?

Жооп: Апрель

3

Квадраттык теңдемени чыгаргыла. 3х2 +32x +80=0

Жооп:  х1=-20/3         x2=-4

3

Үч бурчтуктун бир жагы 34,5 дм, ага түшүрүлгөн бийиктиги 12,6 дм. Аятын тапкыла.

 Формулалар: 1/2а * h 

Жооп: 217,35дм 2

3

Көздөгөн максатка жетүү үчүн каалагандай маселенин так, туура аткарылышы эмне деп аталат?

Жооп:  Алгоритм

3

Эки ата, эки баласы менен жүрүп, үч апельсин таап алышты. Апелсинди бөлүшө келгенде бардыгы бирден алышты. Бул кандайча болушу мүмкүн?

Жооп: Чоң атасы, атасы жана баласы

3

Тоого чыгып тоо-ташты изилдөөчү адам?

Жооп: Альпинист

4

Бири экинчисинен 6га чоң болгон эки натуралдык сандын көбөйтүндүсү 187ге барабар. Ал сандарды тапкыла.

Жооп: 11 жана 17

4

Менин да жактарым бар, Бирок бурчтарым тик эмес.Диоганалдарым өз ара перпендикуляр, жана да бурчтарымды тең экиге бөлөт. Параллелограммдын иниси экенимди , бир көргөн эле окуучу билет.  

Жооп: Ромб

4

   Эсептөө системасында эффективдүү издөө жана иштетүү максатында логикалык системалаштырылган маалыматтар топтому эмне деп аталат?

Жооп:  Маалыматтар базасы

4

Менин атамдын баласы, бирок ал менин агам да иним да эмес. Анда ал ким?

Жооп:  Өзүң

4

Манас эпосундагы Чубак кимдин баласы?

Жооп: Акбалта

5

Эки жумушчу бир ишти биргелешип иштеп 6 саат 40 минутада бүтүшөт. Эгер биринчи жумушчу өз алдынча иштесе экинчисине караганда 3 саат тез иштеп бүтүрө турганы белгилүү болсо, анда ар бири берилген ишти бүтүш үчүн канча сааттан иштешмек?

Жооп: Биринчи жумушчу 12 саат   Экинчи жумушчу 15 саат

5

а жана b катеттери берилген: а=30,b=40    Гипотенузасын тапкыла.

Жооп: 50

5

Логиканын мыйзамы канча типке бөлүнөт? Аларды атап бер. 

Жооп:4 

Теңдештик Орун алмаштыруу Топтоштуруу бөлүштүрүү 

5

Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.
Ар биринин каршысында бирден мышык.
Баары бириксе, канча мышык?

Жооп: 4 мышык

5

1979-1989-жылдары кайсы окуя болгон эле?

Жооп: Афган согушу