Нымдоо
Капиллярдуулук
Нымдабоо
100

 Нымдоо деген эмне?

  1. Нымдоо – суюктуктун катуу бетке жайылып, ага жабышуусу.
100

Капиллярдуулук кубулушу деген эмне?

Капиллярдуулук – сууктуктун жука түтүкчөлүндө же майда тешикчелерде оордук күчүнө каршы көтөрүлүшү же төмөндөшү

100

Нымдабоо деген эмне?

  1. Нымдабоо – суюктуктун бетке жайылбай, тамчы болуп калышы.
200

Эмне үчүн суу кагазга тез сиңет?

Суу кагазга тез сиңет, анткени кагаз майда тешикчелерден турат жана капиллярдык күчү таасир этет.

200

Сүлгү сууну эмне себептен жакшы сиңирет?

Сүлгү сууну жакшы сиңирет, себеби ал көп капиллярдык тешикчелерге ээ.

200

Эмне үчүн кол чатырдын бетинде суу тамчы болуп калат?

Кол чатырдын бетинде суу тамчы болуп калат, анткени анын бети нымдалбайт

300

Эмне үчүн суу айнекти нымдайт, ал эми сымап нымдабайт?

  1. Суу айнекти нымдайт, анткени суунун молекулаларынын тартылуу күчүнө караганда суу менен айнектин молекулаларынын тартылуу күчү чоң; сымап нымдабайт, себеби сымаптын молекулаларынын тартылуу күчүнө караганда сымап менен айнектин молекулаларынын тартылуу күчү кичине
300

Өсүмдүктөрдөгү суунун көтөрүлүшүндө капиллярдуулуктун ролу эмнеде?

Өсүмдүктөрдө капиллярдуулук суу менен минералдардын тамырынан сабак, жалбыракка көтөрүлүшүнө жардам берет.

300

Капилляр түтүкчөнүн радиусу сууктуктун көтөрүлүү бийиктигине кандай таасир этет?

Капилляр түтүкчөнүн диаметри кичирейгенде, суюктуктун көтөрүлүшү күчөйт.