Зат атооч
Сын атооч
Сан атооч
ЖС
ТС
100

Зат атооч кандай суроолорго жооп берет?

Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер?

100

Сын атооч кандай суроого жооп берет? 

Кандай? 

100

Сан атооч кандай суроолорго жооп берет?

Канча? Нече? Канчанчы? Неченчи? Канчоо? Нечөө?

100

Жөнөкөй сүйлөмгө мисал келтир. 

Бүгүн кун ачык болду. 

100

Татаал сүйлөмгө мисал келтир. 

Жамгыр басылды, күн ачылды. 

200

Зат атооч түзүлүшүнө карата канчага бөлүнөт?

Экиге. Жөнөкөй жана татаал

200

Сын атооч катыштырып сүйлөм түз.

Акылай жакшы окуйт. Кызыл гүл алдым.

200

Сан атооч түзүлүшүнө карата канчага бөлүнөт? 

Экиге. Жөнөкөй жана татаал сан атооч. Мисалы, бир - жөнөкөй сан атооч, бир миң тогуз жүз алтымыш - татаал сан атооч

200

Ээ да, баяндооч да катышса, анда ал ... ? 

Эки тутумдуу сүйлөм

200

Татаал сүйлөм кандай болуп бөлүнөт? 

ТБТС жана ББТС

300

Зат атоочтун сан категориясы ?

Жекелик жана көптүк сан. Мисалы, кыз- жекелик санда, кыздар -көптүк санда

300

Катыштык жана сапаттык сын атоочко мисал келтир

Токойлуу жер, балалуу аял.

Кызыл алма, сары гүл.

300

Иреттик сан атоочко мисал келтир

Биринчи, экинчи, бешинчи

300

Бүгүн тоого эрте келдик. Баш мүчөлөрдүн катышына карай бул сүйлөм ...

Бир тутумдуу сүйлөм

300

Байламталуу ТБТСга мисал келтир

Күн бүркөлдү, бирок жамгыр жааган жок.

400

Зат атоочтун жөндөмө категориясы. Мисалы менен.

Тоо -зат атооч. 

Атооч : тоо

Илик : тоонун

Барыш : тоого

Табыш : тоону

Жатыш: тоодо

Чыгыш: тоодон

400

Сын атоочтун даража категориясы. Ар бирине мисал.

Жай даража - кызыл

Күчөтмө даража - кыпкызыл

Салыштырма даража - кызылыраак

Басаңдатма даража - кызгылтым

400

Чамалама сан атоочко сүйлөм түз

Класста отуздай окуучу окуйбуз.

400

Жалаң сүйлөмгө мисал келтир.

Айбек окуду. 

400

Мезгил багыныңкы сүйлөмгө мисал келтир.

Директор кирип келгенде, окуучулар ордуларынан турушту.

500

Зат атоотчун синтаксистик кызматы. Мисалы менен

Ээ. Асыл окуду.

Баяндооч. Келе жаткан кыз - Айсулуу. 

Аныктооч. Акылайдын көйнөгү кооз. 

Толуктооч. Китепти окудум.

Бышыктооч. Биз шаарга келдик. 

500

Затташкан сын атоочко сүйлөм түз.

Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тиет. 

500

Сан атоочтун синтаксистик кызматы. Ар бирине мисал келтир.

Ээ. Экөө мектепке барды.

Баяндооч. Асыл он жетиде. 

Аныктоочтук. Беш китеп алдым. 

Бышыктоочтук. Биринчи келдим. 

500

Жайылма сүйлөмгө мисал келтир.

Айбек бүгүн китепти көп окуду. 

500

Таң атып, жерге жарык киргенде, Акылбек ишке жөнөдү. Багыныңкы сүйлөмдүн түрү?

Мезгил багыныңкы сүйлөм.