Ядролук реакция деген эмне?
Атом ядросу өзгөрүп, башка ядролор пайда болгон процесс.
Атом ядросу кандай бөлүкчөлөрдөн турат.
Протон жана нейтрондордон
Термоядролук реакция деген эмне?
Жеңил ядролордун биригүү реакциясы
Термоядролук реакция менен ядролук реакциянын айырмасы эмнеде?
Термоядролук реакцияда ядролор бириккенде энергия бөлүнөт, ядролук реакцияда ядро бөлүнгөндө энергия бөлүнүп чыгат.
Ядролук реакция каерлерде колдонулат?
АЭС терде Муз жаргыч жана Суу асты кемелеринде.
Ядродо протон жана нейтрондорду кандай күч кармап турат?
Ядролук күч
Кайсы атом ядролору термоядролук реакцияга катышат?
Суутек атомунун ядролору
Кайсы табигый объектте термоядролук реакция жүрөт?
Күндө-жылдыздарда
Уран ядросунун бөлүнүшүн кайсы бөлүкчө пайда кылат?
Нейтрон бөлүкчөсү
Массанын дефекти деген эмне?
Ядронун массасы менен ядродогу протон жана нейтрондордун тынч абалдагы массасынын айрмасы
Эмне үчүн термоядролук реакция жогорку температурада гана жүрөт?
Ядролор оң зарядга ээ болгондуктар алар түртүлүшөт юАларды бириктирүү үчүн чоң энергия талап кылынат.
Термоядролук реакция үчүн кандай шарттар керек?
Жогорку температура жана күчтүү басым