Абышка менен кемпирдин баласы кандай бала болгон?
Абышка-кемпирдин баласы ырчы жана ата-энесинин жалгыз баласы болгон.
Булбул ырдаганда...
Адамдар, жан-жаныбарлар эргип, жыргап угушчу экен
Шаардын каардуу ханы ким?
Шаардын каардуу ханы Жакып
Каардуу Жакып хан атагы алыска угулган Булбул жөнүндө эмне деп ойлонот?
Булбулду өзүмө ырчы кылып алсам, Жакыптын ырчысы деген сөз тарап, менин дагы атагым кошо чыгат-деп ойлонот.
Булбул Жакып ханга эмне жөнүндө ырдап берди?
Булбул Жакып ханга табигат жөнүндө ырдап берди.
Жакып ханга Булбулдун ыры эмне үчүн жакпай калды?
Анткени хан мени мактап ырдайт деп күткөн.
Булбул болсо хандын оюндагы ырды ырдабай, табигат жөнүндө ырдап койду.
Каардуу Жакып хандын кызынын аты кандай аталат?
Гүланда.
Гүланданын Булбулга турмушка чыгам деген аракетине атасы кандай жооп кылды?
Кийинерге кийими, ичерге ашы жок кедейдин баласына бербейм! Сени алтын тактасы бар, алтын таажы кийген хандын уулуна гана берем!-деди.
Булбул эмне жөнүндо ырдаганды жакшы көрчү эле?
Булбул махабат жөнүндө ырдаганды жакшы көрчү.
Бала эмне үчүн канаттууга айланып кетти?
Сыйкырчы кемпир кызды гүлгө айландырып салган үчүн, күйүтүнө чыдабай, бала канаттуу булбулга айланып кетти.
Булбул хандын үйундө эмне үчун жашап жүргөн?
Хандын буйругун эки кылбай анын ырчысы болгон
Кызы Булбулга турмушка чыгууга макул болгон беле?
Кыз өзу жактырып калган