аБАНЫН НЫМДУУЛУГУ ДЕГЕН ЭМНЕ ?
Абада суу буусунун болушу абанын нымдулугу деп аталат.
Эмне үчүн жаан жаагандан кийин аба нымдуу болуп сезилет?
жаандан кийин абада суу буусу көбөйөт.
Үйдө аба өтө кургак болсо, адамга кандай таасир этет?
Тери кургайт, жөтөл пайда болушу мүмкүн, көз ачышат.
Абадан суу буусу кайдан пайда болот?
Суу көлдөрдөн, деңиздерден, дарыялардан, суудан бууланат.
Кышында үйдө аба эмне үчүн кургак болуп кетет?
Үй жылытылганда нымдуулук азайып кетет.
Эмне үчүн бөлмөгө гүл койсо аба жакшы болуп калат деп ойлойсуң?
Өсүмдүктөр абага ным чыгарат жана абаны тазалайт.
Нымдуу аба дегенди кандай түшүнөсүң?
Нымдуу аба – курамында суу буусу көп болгон аба.
Нымдуу абада кийим эмне үчүн жай кургайт?
Нымдуу абада суу жай бууланат.
Үй шартында нымдуулукту кантип сактаса болот?
суу коюу,бөлмөнү желдетүү,гүл өстүрүү