Эмне үчүн шарды чачка сүрткөндө кагаздар тартылат?
Сүртүү учурунда шар электр зарядын алып, электр талаасы кагаздарды тартат
Эмне үчүн пластмасса же резина сүртүүдө жакшы заряддалат
Алар электрди электр тогун өткөрбөйт жана зарядды узак убакыт сактайт.
. Эмне үчүн машинанын кузову чаңды тартат?
Машина аба менен сүрүлүп статикалык заряд топтойт
Эмне үчүн карама-каршы заряддар тартылат?
Электр талаалары бири-бирин тартуучу күч түзөт.
Эмне үчүн металл буюмдар статикалык зарядды көпкө сактабайт?
Металл электрди жакшы өткөргөндүктөн заряд бат тарайт
Эмне үчүн нымдуу абада статикалык заряд аз байкалат?
Нымдуулук заряддардын аба аркылуу тарашына жардам берет
Эмне үчүн бирдей заряддар бири-бирин түртөт?
Электр талаалары бири-бирин түртүүчү күч түзөт
Эмне үчүн статикалык электрден коргонууда нымдуулук маанилүү?
Ным абада заряддар бат тарайт.
Синтетикалык кийимди чечкенде эмне үчүн учкун чыгат?
Кийим сүрүлүп заряд топтойт жана кийин тез разряд болуп учкун пайда болот
. Эмне үчүн телевизор экранына чаң бат тартылат?
Экран статикалык заряд топтоп, чаң бөлүкчөлөрүн тартат
Эмне үчүн адамдар темир туткага тийгенде ток ургандай сезет?
Денеде топтолгон статикалык заряд темирге өткөндө разряд болот
Эмне үчүн электрондор нерседен нерсеге өтө алат?
Электрондор атомдун сырткы кабыгында жайгашып, эркин кыймылдай алат