Кыргызстандын эн кичине облусу?
Талас облусу
Кыргызстандын аянты боюнча дүйнөдө канчанчы орунда турат?
85-орунда
Кыргызстандын климаты эмне үчүн "кескин континенттүү" деп аталат?
Анткени өлкө океандардан алыс жайгашкан, аба кургак, жайы ысык, ал эми кышы суук болот. Температуранын амплитудасы (айырмасы) чоң.
Баткенде гана өскөн сейрек кездешүүчү гүл кайсы?
Айгүл гүлү.
Кыргызстандын символу болгон, бийик тоолордо жашаган жана "тоо кожоюну" деп аталган жаныбар кайсы?
Илбирс (Кар кабыланы).
Чүй облусунун борбору кайсы шаар?
Бишкек шаары - облус борбору катары да эсептелет, кээде Токмок шаары деп да белгиленет
Өлкөбүздөгү эң узун дарыя кайсы?
Нарын дарыясы, 535 км
Эң аз жаан-чачын кайда жаайт?
Балыкчы шаарында.
Кыргызстандын "Кызыл китебине" канча өсүмдүк кирген?
80ден ашык түр.
Дүйнөдөгү эң чоң тоо койлорунун бири болуп саналган жана мүйүзү абдан кооз жаныбар кайсы?
Аркар (Марко Полокою).
Калкынын саны боюнча Кыргызстандагы эң чоң облус кайсы?
Ош облусу
Кыргызстандагы эң чоң суу сактагычты жана анын аянтын атаңыз.
Токтогул суу сактагычы, аянты 284,3 км²
Эң узак созулган кыш кайсы жерде?
Нарын облусунда.
Дүйнөдөгү эң чоң кайсы токой Кыргызстанда?
Арсланбоб жаңгак токою.
Дүйнөдөгү эң чоң тоо койлорунун бири болуп саналган жана мүйүзү абдан кооз жаныбар кайсы?
Аркар (Марко Полокою).
Кайсы облус үч мамлекет (Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан) чектешкен Фергана өрөөнүндө жайгашкан жана "өрүк зары" менен белгилүү?
Баткен облусу
Кыргызстандын аймагынын 1/4 бөлүгүн ээлеген, аянты эң чоң облус кайсы?
Нарын облусу 45,200 км²
. Эмне үчүн климат кургак?
Океандардан алыс жайгашкандыктан.
Кыргызстанда канча түр өсүмдүк бар?
4000ден ашык
Бийик аскаларда учуп, алыстан баарын көрө билген кыраакы куш?
Бүркүт
Талас облусунда жайгашкан, улуттук сыймыгыбыз болгон тарыхый-маданий комплексти атаңыз.
"Манас Ордо" комплекси
Кыргызстандагы эң чоң мөңгү кайсы жана анын аянты канча?
Эңилчек мөңгүсү (Түштүк Эңилчек). Анын узундугу 60 км ашык, ал эми аянты 600 км² ге жакын.
Кайсы облустун климаты эң жумшак?
Ысык-Көл облусунун (көлдүн таасири менен).
Чөлдүү аймактарда эң көп өскөн чөп?
Шыбак (полынь).
Төөнүн баласын эмне дейт?
бото же тайлак