1-вариант
2-вариант
3-вариант
4-вариант
Логика
100

Сандын модулу деген эмне?

Эсептөө башталышынан ошол санга чейинки аралык сандын модулу деп аталат.

100

Бүтүн сандар деп кайсы сандарды айтабыз?

Натуралдык сандар, натуралдык сандарга карама-каршы сандар жана нөл санын бүтүн сандар деп айтабыз.

100

Терс сандар деген кайсы сандар?

Координата түз сызыгында нөлдүн сол жагында жаткан сандар терс сандар деп аталат

100

Натуралдык сандар деп кайсы сандарды айтабыз?

Буюмдарды саноодо колдонулган сандар натуралыдк сандар деп аталат.

100

Куттуктайбыз!

+100 балл

+100 балл

200

Терс сандарды салыштыруу эрежесин айтып бергиле

Терс сандардын модулу чоңу кичине болот

Мисалы:  -31 жана -49

             |-31|=31 ;     |-49|=49

              31<49

             -31>-49

200

Терс сандарды кошуу эрежесин айтып бергиле

Терс сандарды кошууда ал сандардын модулдарын кошуп, астына минус белгисин коёбуз.

Мисалы -20-35,5=-20+(-35,5)=-(20+35,5)=-55,5

200

Белгиси ар түрдүү сандарды кантип кошобуз?

Белгиси ар түрдүү сандарды кошуу үчүн модулу чоңунан модулу кичинесин кемитип, келип чыккан сандын алдына модулу чоңунун белгисин коёбуз.

Мисалы: -30+20=-(30-20)=-10

              30+(-20)=+(30-20)=10

200

Рационалдык сандар деп кандай сандарды айтабыз?

Бөлчөк көрүнүшүндө б.а.m/n түрүндө жазууга мүмкүн болгон сандар рационалдык сандар деп аталат. 

Рационалдык сандарга натуралдык сандар, бүтүн сандар, оң жана терс бөлчөктөр кирет

200

1, 8, 27, 64, ... сан катарынын бешинчи мүчөсүн тапкыла

Жообу: 125

13, 23, 33, 43, 53,...

300

23,6-30,1+14,5-6,8-1,9=?

23,6-30,1+14,5-6,8-1,9=

=(23,6+14,5)-(30,1+6,8+1,9)=

=38,1-38,8=-0,7

Жообу: -0,7

300

17,8-11,7-14,8+12,6-3,5=?

17,8-11,7-14,8+12,6-3,5=

=(17,8+12,6)-(11,7+14,8+3,5)=30,4-30=0,4

Жообу: 0,4

300

-32,8+23,8-19,7+14,5-11,7=?

-32,8+23,8-19,7+14,5-11,7=

=(23,8+14,5)-(32,8+19,7+11,7)=

=38,3-64,2=-25,9

Жообу: -25,9.

300

20,1-24,6+13,7-15,2+8,7=?

20,1-24,6+13,7-15,2+8,7=

=(20,1+13,7+8,7)-(24,6+15,2)=

=42,5-39,8=2,7

Жообу: 2,7

300

Өлчөнөт, бирок калыңдыгы, узундугу, туурасы жок.

Ал эмне?

Жообу: температура

400

К-15

1-вариант

1-мисал

Жообу: 4,4

400

К-15 

2-вариант 

1-мисал

Жообу: 3,5

400

К-15

3-вариант 

1-мисал

Жообу: 3,5

400

К-15

4-вариант

1-мисал 

Жообу: 12,8

400

Кийинки сан кайсы?

1, 4, 12, 15, 45, 48,...


1, 4 ,12, 15, 45, 48, 144,...

Түшүндүрүү:

1+3=4, 4*3=12

12+3=15, 15*3=45

45+3=48, 48*3=144

Жообу: 144

500
  • Фабриканын үч цехинде 480 адам иштейт. Экинчи цехте иштеген адамдардын саны биринчи цехте иштеген адамдардын санынын 36 % ын түзөт, ал эми үчүнчү цехте иштеген адамдардын саны экинчи цехте иштеген адамдардын санынын 2/3 син түзөт. Ар бир цехте канча адам эмгектенет?

Берилди:

х              - биринчи цехте иштегендердин саны

0,36х        - экинчи цехте иштегендердин саны

2/3*0,36х - үчүнчү цехте иштегендердин саны Чыгаруу:

х+0,36х+,24х=480

1,6х=480;    х=480/1,6=300 (1-цехтегилер)

0,36*300=108 (2-цехтегилер)

2/3*108=72 (3-цехтегилер)

Жообу: 300 киши, 108 киши, 72 киши

500
  • Үч идиште 32 л машина майы бар. Экинчи идиштеги май биринчи идиштеги майдын 35 % ын түзөт, ал эми үчүнчү идиштеги май экинчи идиштегинин   5/7 ин түзөт. Ар бир идиште канча литр май бар?

Берилди:

х-               биринчи идиштеги май

0,35х-         экинчи идиштеги май

5/7*0,35х-   үчүнчү идиштеги май

Чыгаруу:

х+0,35х+0,25х=32

1,6х=32;      х+32/1,6=20 (биринчи)

0,35*20=7 (экинчи);    5/7*7=5 (үчүнчү) 

Жообу: 20 л, 7 л, 5 л.

500
  • Роман үч бөлүктөн туруп, китептин 340 бетин ээлейт. Экинчи главанын ээлеген бети биринчи главанын ээлеген бетинин 42 % ын, ал эми үчүнчү главанын ээлеген бети экинчи главанын ээлеген бетинин   2/3 син түзөт. Романдын ар бир главасы канча бетти ээлейт?

Берилди:

х-               биринчи глава

0,42х-         экинчи глава

2/3*0,42-    үчунчү глава

х+0,42х+0,28х=340

1,7х=340;    х=340/1,7=200  (биринчи глава)

0,42*200=84  (экинчи глава)

2/3*84=56   (үчунчү глава)

Жообу: 200 бет, 84 бет, 56 бет.


500
  • Гаражда үч түрдүү үлгүдөгү 340 автомашина бар. “Toyota” автомашиналары “Audi” автомашиналарынын 45 % ын, ал эми “Honda” автомашиналары “Toyota” автомашиналарынын   5/9 ин түзөт. Гаражда ар бир үлгүдөгү канча автомашина болгон?

Берилди:

х-      “Audi”

0,45х -    “Toyota” 

5/9*0,45х - “Honda”

Чыгаруу:

х+0,45х+ 0,25х=340

1,7х=340;    

 х=340/1,7=200 (“Audi”)

0,45*200=90 (“Toyota” )

5/9*90=50 ( “Honda”)

Жообу: 200автомашина, 90 автомашина, 

            50 автомашина 


500

Бир саат 25 минута артта калып,

1с 50 мин көрсөтүп турат.

Экинчи саат алдыга 15 минута кетип калса, ал саат канчаны көрсөтөт?

1 саат 50 мин+25 мин=2 саат 15 мин (туура убакыт)

2 саат 15 мин+15 мин =2 саат 30 мин (2-саат)

Жообу: 2 саат 30 минута