Суроо: Үй-бүлөнүн негизги милдети эмне?
Жооп: Балдарды тарбиялоо жана бир-бирин колдоо
Суроо: Тил эмнени байланыштырууга жардам берет?
Жооп: Адамдарды бири-бири менен.
Суроо: Мектептеги негизги милдет эмне?
Жооп: Билим берүү.
Суроо: Өз алдынча окуунун эң жөнөкөй жолу?
Жооп: Китеп окуу.
Суроо: Окуучунун негизги укуктарынын бири?
Жооп: Билим алуу укугу.
Суроо: Үй-бүлө эмне үчүн коомдун “кирпичи” деп аталат?
Жооп: Анткени коом көптөгөн үй-бүлөлөрдөн турат.
Суроо: Эмне үчүн тил – маданияттын бөлүгү?
Жооп: Анткени тил аркылуу салт, маданият, түшүнүктөр муундан-муунга өтөт. Коомдук топ деген эмне?
Суроо: Окуучу эмне үчүн мектеп эрежелерин сакташы керек?
Жооп: Коопсуз жана тартиптүү чөйрө болушу үчүн.
Суроо: Өз алдынча билим алуу эмне үчүн керек?
Жооп: Жаңы нерселерди үйрөнүү жана өнүгүү үчүн.
Суроо: Окуучу эмнеге жооптуу?
Жооп: Сабакка даярдык жана мектеп эрежелерин сактоо.
Суроо: Үй-бүлөдөгү ролдор эмнеге жараша бөлүнөт?
Жооп: Салтка, мүмкүнчүлүккө жана макулдашууга жараша.
Суроо: Мамлекеттик тил эмне үчүн маанилүү?
Жооп: Өлкө ичинде бирдиктүү түшүнүшүүгө шарт түзөт.
Суроо: Мектептеги активдүү катышуу окуучуга кандай пайда берет?
Жооп: Лидерлик, өзүн-өзү ишенимдүү алып жүрүү өнүгөт.
Суроо: Өз алдынча окууда убакытты туура пландоо эмнеге маанилүү?
Жооп: Максатка тез жана натыйжалуу жетүү үчүн.
Суроо: Окуучунун коопсуздугу боюнча мектептин милдети эмне?
Жооп: Коопсуз шарт түзүү.
Суроо: Үй-бүлө социалдашуунун биринчи баскычы деп эмнеге айтышат?
Жооп: Балдар адеп-ахлак, жүрүм-турумду эң биринчи үйдө үйрөнөт.Мүнөз жүрүм-турумду аныктайт.
Суроо: Эки тил билүү адамга кандай пайда берет?
Жооп: Байланышуу чөйрөсү кеңейет, окууда жана жумушта мүмкүнчүлүк көбөйөт. Инклюзия эмне үчүн коомдо маанилүү?
Суроо: Мектеп менен ата-эне ортосундагы кызматташтык эмнеге маанилүү?
Жооп: Окуучунун ийгилигин биргеликте колдоо үчүн.
Суроо: Эмне үчүн окуучу өзүн-өзү баалоо жүргүзүшү керек?
Жооп: Кандай жактары күчтүү, кайсы жактары өнүкпөй калганын билүү үчүн.
Суроо: Окуучу башка окуучуларды сыйлоого эмне үчүн милдеттүү?
Жооп: Мектепте достук жана адептүү чөйрө болушу үчүн.
Суроо: Үй-бүлөнүн коомдогу социалдык функцияларынын үч түрүн ата.
Жооп: Тарбия берүү, маданий мурастоо, социалдык коргоо.
Суроо: “Тил – улуттун жүзү” деген сөздүн маанисин түшүндүр.
Жооп: Улуттун өзгөчөлүгү, тарыхы, маданияты тилде чагылат.
Суроо: Мектеп социалдык институт катары коомдо кандай үч функция аткарат?
Жооп: Билим берүү, тарбиялоо, социалдаштыруу.
Суроо: Өз алдынча билим алуунун үч эффективдүү ыкмасын ата.
Жооп: План түзүү, конспект жазуу, онлайн ресурстарды колдонуу.
Суроо: Окуучунун укуктары бузулса, кимге кайрылса болот?
Жооп: Мугалимге, класс жетекчиге, мектеп администрациясына.