Чыгарманын мазмуну
автор жана чыгарма
Адабия
аралаш суроо
100

Лирикалык каарман үйдөн кеткенине канча жыл болгонун энесине айтып баштайт?


Беш жыл

100

“Энем” поэмасынын автору ким?

Жусуп Турусбеков

100

Сюжет деген эмне?

Чыгармадагы окуялардын өнүгүү тартиби.


100

Дүйнөдөгү бардык тилдерде сүйлөй алган, бирок эч качан өзү тили жоктордун тилинде үн чыгарбаган нерсе эмне? 


Жаңырык

200

Поэманын негизги темасы эмне?

Эне, энелик мээрим жана эне менен баланын ортосундагы суйуу.

200

Чыгарма кайсы адабий жанрга кирет?

Поэма-ыр түрүндө жазылган көлөмдү чыгарма.

200

Көркөм чыгарманын темасы менен идеясын чаташтырбоо үчүн эмнеге көңүл буруу керек?


Тема — чыгармада эмне жөнүндө сөз болгондугу; идея — автор ошол тема аркылуу кандай негизги ойду билдиргендиги.

200

 Кыргызстандын эң бийик жери кайсы чоку жана анын бийиктиги канча?


Жеңиш чокусу, 7439 метр


300

Поэманын аталышы эмне учун «Энем» деп берилген?

Анткени чыгарманын негизги өзөгүндө эне

образы жана анын бала учун мааниси турат.

300

Поэманын аталышы эмнени билдирет?

Эне образын жана энеге болгон мамилени билдирет.

300

Пародия деген эмне?


Башка чыгарманын стилин, өзгөчөлүктөрүн туурап, көбүнчө күлкү же сын жаратуу максатында түзүлгөн чыгарма.

300

Жер шарынын күн айланасындагы толук бир жолку айлануу мезгили кандай аталат? 


Жыл 365кун

400

Поэманын “Энем” деген аталышын өзгөртүп койгондо негизги өзө маани өзгөрмөк беле?

Ооба, өзгөрмөк. «Энем» деген аталыш — поэманын жүрөгү. Бул сөз жөн гана апаны эмес, туулуп-өскөн жерин, кечиримдүүлүктү, баланын кайтып келип рухий тазалануусун билдирет. Эгер аталышы өзгөрсө, чыгарманын мемиреген сагынычы жана философиялык терең мааниси жоголмок.


400

Поэмада канча каарман бар?

4каарман бар. Эне,бала,Орунбай жана жаны замандын жаштары(Бүбүя)

400

 «Жети өлчөп, бир кес» деген макалды чечмелеп, түшүндүрүп бергиле.



Ар бир ишти баштоодон мурун жакшылап ойлонуп, шашпай чечим кабыл алуу керек дегенди билдирет.

400

 Адамдын денесиндеги эң чоң орган кайсы? 


Тери

500

Поэмада эненин образы аркылуу кандай баалуулуктар чагылдырылат?

Мээримдуулук, суйуу, камкордук,

чыдамкайлык жана энени урматтоо.

500

Эски заман менен жаны замандын ал убактагы айырмасы?

Эски заманда адамдардын жашоосу оор болуп, турмуш-тиричилик кыйынчылыктары көп болгон. Ал эми жаңы заманда жашоо шарттары өзгөрүп, билим алууга, эмгектенүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарттар көбөйгөн. Эки замандын айырмасы адамдардын жашоо шартынан, көз карашынан жана коомдогу өзгөрүүлөрдөн көрүнөт.


500

Макал менен лакаптын айырмасы эмнеде?



 Макал толук ойду, акыл-насаатты билдирет; лакап адамга же окуяга байланышкан кыска, таамай сөз болуп, дайыма эле толук бүтүмдүү ойду билдирбейт.

Макал: «Эмгек кылсаң эринбей, тоюп аласың тиленбей».

Мааниси: Эмгектенген адам үзүрүн көрөт. Бул толук ойду жана акыл-насаатты билдирет.

Лакап: «Кара жаак, чечен тил».

Мааниси: Сөзгө чечен, сүйлөгөнгө шыктуу адамга карата айтылат.



500

Күн күркүрөгөндө эмне үчүн биринчи жарык (чагылган) көрүнүп, андан кийин гана күн күркүрөгөн үн угулат?

Анткени жарыктын ылдамдыгы үндүн ылдамдыгынан алда канча жогору