Күн -бул эмне ?
Күн - бул жылдыз.
Биринчи учкуч космонавт ким ?
Биринчи учкуч космонавт _Юрий Гагарин болгон.
Кандай планеталарды билесиңер ?
Меркурий , Венера , Жер, Марс , Юпитер ,Сатурун, Уран, Нептун, Плутон
Асмандагы топ жылдыздардын эң белгилүүсү -
Асмандагы топ жылдыздардын эң белгилүүсү - Чоң Жетиген болуп эсептелет.
Күндүн нурунун түстөрү кандай?
Күндүн нурунун түстөрү ар түрдүү:кызыл , сары , көк,кызыл сары , көк,жашыл ,сыя түстө
Жаңы туулган ай асмандакандай болуп көрүнөт экен ?
Жаңы туулган Ай - асманда ичке ороктой болуп көрүнөт.
Жылдыздар деген эмне ?
Жылдыздар - абдан ысык асман телолору.
Күн системасы деген эмне?
Күн жана аны айланган бардык асман телолору Күн системасы деп аталат.
Космонавт же астронавт дегенди кандай түшүнөсүңөр ?
Космонавт же астронавт - космостук учууга катышкан адам.
Окумуштуулар асманда канча топ жылдыздар бар дешкен?
Окумуштуулар асманда 88 топ жылдыздар бар экенин айтышат.
Ай өз алдынча жарык чыгарабы ?
Ай өз алдынча жарык чыгарбайт.