Чоң адамдын канынын жалпы көлөмү канча литр?
4.5-5 литр
Нерв системасынын бирдиги кандай аталат?
Нейрон
Ички сереция бездерине кайсы бездер кирет?
Гипоталамус,гипофиз,калкан бези,уйку бези,жыныс бездери,бөйрөк үстүндөгү бездер
Адамда жалпы канча сөөк бар?
Кандын суюк бөлугү эмне деп аталат?
Плазма
Адамдын денесинин канча пайызы суудан турат?
60-70%
Организмдин сырткы же ички дүүлуктүргүчтөргө нерв системасы аркылуу кайтарып берген жообу?
Рефлекс
Организмде йод жетишпесе кайсы бездин иштеши бузулат?
Калкан бези
Адамдын скелетиндеги эң узун сөөк кайсы?
Кашка жилик
Кандын уюшун камсыз кылган кан пластинкалары эмне деп аталат?
Тромбоциттер
Адамдын омуртка тутумунда канча омуртка бар?
33-34
Нерв системасы кайсы бөлүктөн турат?
Борбордук(мээ жана жүлун) жана четки(нервдер)
Адамдын бир суткалык уйкусу орточо канча саат болушу керек?
7-8 саат
Сөөктөрдүн бири-бирине кыймылдуу ашташкан жери эмне деп аталат?
Муун
Кычкылтекти ташуучу эритроциттер кайда иштелип чыгат?
Жиликтин кызыл чучугунда
Жүлүндүн узундугу канча см болот?
41-45см
Жүлундүн функциясы ?
Өткөрүүчү жана рефлектордук
Мээ менен жүлүндү камтыган система эмне деп аталат?
Борбордук нерв системасы
Адамдын көкүрөк көөдөн бөлүмү кайсы сөөктөрдөн турат?
Төш сөөк,12 жуп кабырга,арка омурткалары
Кандын ак клеткалары кандай аталат жана кандай кызмат аткарат?
Лейкоциттер,канды коргоо
Плазманын курамын канча процент минералдык, туздар жана суу ээлейт?
90%
Мээ канча бөлуктөн турат?
5 бөлүктөн
Бул органдын жардамы менен биз тең салмактуулукту сактайбыз?
Вестибулярдык аппарат
Сөөкө катуулукту жана бекемдикти берген кайсы заттар?
Минералдык заттар(кальций жана фосфор туздары)
Ички чөйрөнүн туруктуулугу илимде эмне деп аталат?
Гомеостаз кубулушу