. Өткөргүч деген эмне?
Өткөргүч — эркин электрондору бар жана электр тогун өткөрө алган зат.
Диэлектрик деген эмне?
Диэлектрик — электр тогун өткөрбөй же өтө начар өткөргөн зат.
Эмне үчүн электр шаймандарынын туткалары резинадан жасалат?
Резина ток өткөрбөйт, адамды ток тартуудан коргойт
Өткөргүч менен диэлектриктин негизги айырмасы эмнеде?
Өткөргүчтө эркин электрондор бар, диэлектрикте жок.
Өткөргүчтөргө мисал келтир.
Жез, алюминий, темир.
Диэлектриктерге мисал келтир.
Пластмасса, резина, айнек, аба.
Нымдуу аба эмне үчүн кооптуу?
Нымдуулук өткөргүчтүктү жогорулатат, ток оңой өтөт.
Эмне үчүн металлга кол тийгизгенде ток урат, ал эми пластмассага тийгенде жок?
Металл өткөргүч, ал эми пластмасса диэлектрик.
Эмне үчүн өткөргүчтөр электр тогун өткөрөт?
Аларда эркин электрондор бар жана алар электр талаасында кыймылдайт.
Эмне үчүн электр зымдары пластмасса менен капталат?
Пластмасса диэлектрик адамды токтон коргойт
Эмне үчүн жогорку чыңалуу линияларында фарфор колдонулат?
Фарфор жакшы диэлектрик, токтун жерге өтүшүн токтотот.
Электр энергиясын сактоодо диэлектриктердин ролу кандай?
Алар энергияны сактоого жана изоляциялоого жардам берет.