Улуттук оюндар
Каада-салт
Фразеологизмдер
100

Койчулардын алгебрасы деп аталган бул интелектуалдык оюн эмне деп аталат?

Тогуз коргоол

100

Жаңы үйлөнгөн жубайларга турмуштук жол көрсөтүүчү ,кеңешчи катары дайындалган адамдар кимдер?

Өкүл ата,өкүл апа

100

Мурдун балта кеспөө

Эч нерсеге башын оорутпаган,кенебеген 

200

Күрөш оюну эмнени өнүктүрөт?

а) акылды

б)ылдамдыкты

в)Кучтү жана ыкманы

в) күчтү жана ыкманы

200

Ит өлгөн жер

Абдан алыс,четтеги жер

300

Кыз куумай оюнунун шарты боюнча ,эгер жигит кызга жетпей калса,марадан кайтканда кыз эмне кылууга укуктуу?

Жигитти камчы менен чабууга

300

Ата-энеси уулдары үйлөнүп,бөлүнүп чыкканда аларга бөлуп берген нерсе эмне деп аталат?

Энчи

300

Коюн колтук алышуу

Абдан жакын,ынак мамиледе болуу

400

Алыстан келген адамдан алынуучу белекти эмне деп атайбыз?

Байгазы

400

Кабыргасы менен кеңешүү

Жалгыз калып ,терең ойлонуу,өзү менен өзу кеңешүү

500

Бул оюн тункүсүн ойнолот.Негизги буюм эмне ?

Ак чөлмөк

500

Кыз турмушка чыгып,келин болгондо кыздын беш өрүм чачын эки өрүм кылып өрүп коюшкан.Эмне үчүн?

Эки өрүм-эми бул кыздын түгөйү бар,ал жалгыз эмес деген маанини туюнткан.