Математика
Адабий окуу
Мен жана дүйнө
Кыргыз тил
Логика
Кругозор
100

Жагы 1дм болгон квадраттын аянты эмне деп аталат? 

Квадраттык дециметр деп аталат

100

"Китептин душманы" деген ырдын автору ким? Эсиңерде калганын айткыла

Алыкул Осмонов 

100

Горизонттун негизги тараптары кайсылар? 

Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш 

100

Кыргыз тилинде канча үндүү тыбыш бар? Ичке үндүүлөрдү ата.

14 үндүү бар

|Ичке үндүүлөр: э, ө, ү, и ( ээ,өө,үү)

100

Асан үйүнөн мектепке 1 саат 40 мүнөттө, кайра мектептен үйүнө 100 мүнөттө жетет. Кайсы жол кыска?

Бирдей

100

Кыргызстандын борбору?

Бишкек

200

Бир сан экинчи сандан канча эсе чоң же кичине экендигин билүү үчүн эмне кылуу керек? 

Чоң санды кичинесине бөлүү керек

200

Манас биринчи жолу беттешкен баатыр ким?

Кочку баатыр

200

Магниттин канча уюлу бар?

Эки уюлу бар

|Түндүк 

|Түштүк 

200

Канча жөндөмө бар? Алар кайсылар?

6 жөндөмө бар

Атооч

Илик

Барыш

Табыш

Жатыш

Чыгыш 

200

8 шамдын 2 шамын өчүргөндө канча шам калат? 

2 шам калат

200

Дүйнөдөгү эң бийик тоо кайсы?

Эверест

300

Айдана 45 сомго 3 сомдук дептерден, 90 сомго 5 сомдук дептерден сатып алды. Айдана бардыгы канча дептер сатып алган?

3 сомдук 15 дептер

|5 сомдук 18 дептер

|Бардыгы: 33 дептер сатып алган

300

"Баатырдын баарын сомдоду, балбандарың сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду"- деп жамандап, Эсен ханга ким жеткирип барат? 

Калмактан Тагылык

300

Бүгүн күн чыккан мезгилде күн горизонттун кайсыл тарабында болду?

|Чыгыш тарабында

300

Нерсенин кимге, эмнеге таандык экенин кайсы жөндөмө билдирет? Ал жөндөмөнүн суроолорун жана негизги мүчөсүн тап. 

Илик жөндөмө

Илик жөндөмөнүн суроолору: кимдин? эмненин? 

Мүчөсү -нын



300

Эгер бүгүн дүйшөмбү болсо, эртең кайсы күн болот? 

Дүйшөмбү 

300

Суу кандай абалдарда болот? 

(катуу, суюк, газ) Муз, суу, буу

400

Бир жагы 6 см, ал эми экинчи жагы андан 2 эсе узун болгон тик бурчтуктун аянтын тапкыла. 

Тик бурчтуктун аянты S=72 см квадрат

400

"Акылдуу бала" жомогунда Акылман, балага, кандай суроолорду берди?

1. Кандай сууда балык болбойт?

|2. Кандай тоодо таш болбойт?

|3. Кандай жыгачта бутак болбойт?

400

Тайчы, Байчике деген аттарды кайсы уламыштан кезиктиребиз?

Бишкек уламышында

400

Мектеп, сумка деген сөздөрдү жөндөп бергиле. 

А- эмне? мектеп, сумка

И- эмненин? Мектептин сумканын

Б- эмнеге? Мектепке, сумкага

Т- эмнени? Мектепти, сумканы

Ж - эмнеде? Мектепте, сумкада

Ч- эмнеден? Мектептен, сумкадан

400

Эң кичине 3 орундуу сан кайсы? 

100

400

Күн системасында  канча планета бар?

8 планета бар

|Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун

500

Бакчадан 26 себет кара өрүк, ага караганда 6 себетке көп алмурут теришти. Алманы алмурутка караганда 5 себетке көп жыйнашты. Бакчадан канча себет алма теришти?

1) 32 себет алмурут

|2) 37 себет алма теришти

|

500

Энеси балдарынын башынан эмнени көрдү? Бул кайсы жомок?

Чолпон жылдыз жанып турганын жана кичинекей баласынын башында бир кара ит үрүп турганын көрөт. 

|Эки бир тууган 

500

Жалал-Абад облусунда кандай пайдалуу кендер бар?

Таш көмүр, нефти, сурьма, жаратылыш газы

500

Зат атооч деген эмне? 

Заттын атын билдирип, ким? эмне? кимдер, эмнелер? деген суроолорго жооп берген сөздөр зат атооч деп аталат

500

4 айда  канча күн бар? 

120 

500

Өсүмдүктөр эмне үчүн жашыл болот? 

Ал эми алардын хлорофиллге байланыштуу