3(5х-4)-8х=4х+9 теңдемесин чыгаргыла.
Жооп: х=7
Карама -каршы жаткан жактары параллель болгон төрт бурчтук эмне деп аталат?
Параллелограмм
Алгоритм канча типке бөлүнөт? Аларды атап бер.
Жооп: 3 Сызыктуу, тармактуу, кайталануучу
Кайсы айларда 28 күн бар?
Жооп: Бардык айда
Нургазы кайсы кино тасмасынын каарманы?
Жооп: Ак кеме
Көбөйтүүчүлөргө ажыраткыла. 10а2 - 40а=
Жооп: 10а(а - 4)
АВС үч бурчтугу берилген. Е - АС жагынын ортосу, F - BC жагынын ортосу. Эгерде АВ =12дм болсо, ЕF орто сызыгын тапкыла.
Жооп: 6дм
Бир байт эмнеге барабар?
Жооп: 8 битке
Төрт адам 4 саат бою домино ойношту. Ар бир адам канча сааттан ойноду?
Жооп: Ар бири 4 сааттан
Жылдын 4-айы?
Жооп: Апрель
Квадраттык теңдемени чыгаргыла. 3х2 +32x +80=0
Жооп: х1=-20/3 x2=-4
Үч бурчтуктун бир жагы 34,5 дм, ага түшүрүлгөн бийиктиги 12,6 дм. Аятын тапкыла.
Формулалар: 1/2а * h
Жооп: 217,35дм 2
Көздөгөн максатка жетүү үчүн каалагандай маселенин так, туура аткарылышы эмне деп аталат?
Жооп: Алгоритм
Эки ата, эки баласы менен жүрүп, үч апельсин таап алышты. Апелсинди бөлүшө келгенде бардыгы бирден алышты. Бул кандайча болушу мүмкүн?
Жооп: Чоң атасы, атасы жана баласы
Тоого чыгып тоо-ташты изилдөөчү адам?
Жооп: Альпинист
Бири экинчисинен 6га чоң болгон эки натуралдык сандын көбөйтүндүсү 187ге барабар. Ал сандарды тапкыла.
Жооп: 11 жана 17
Менин да жактарым бар, Бирок бурчтарым тик эмес.Диоганалдарым өз ара перпендикуляр, жана да бурчтарымды тең экиге бөлөт. Параллелограммдын иниси экенимди , бир көргөн эле окуучу билет.
Жооп: Ромб
Эсептөө системасында эффективдүү издөө жана иштетүү максатында логикалык системалаштырылган маалыматтар топтому эмне деп аталат?
Жооп: Маалыматтар базасы
Менин атамдын баласы, бирок ал менин агам да иним да эмес. Анда ал ким?
Жооп: Өзүң
Манас эпосундагы Чубак кимдин баласы?
Жооп: Акбалта
Эки жумушчу бир ишти биргелешип иштеп 6 саат 40 минутада бүтүшөт. Эгер биринчи жумушчу өз алдынча иштесе экинчисине караганда 3 саат тез иштеп бүтүрө турганы белгилүү болсо, анда ар бири берилген ишти бүтүш үчүн канча сааттан иштешмек?
Жооп: Биринчи жумушчу 12 саат Экинчи жумушчу 15 саат
а жана b катеттери берилген: а=30,b=40 Гипотенузасын тапкыла.
Жооп: 50
Логиканын мыйзамы канча типке бөлүнөт? Аларды атап бер.
Жооп:4
Теңдештик Орун алмаштыруу Топтоштуруу бөлүштүрүү
Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.
Ар биринин каршысында бирден мышык.
Баары бириксе, канча мышык?
Жооп: 4 мышык
1979-1989-жылдары кайсы окуя болгон эле?
Жооп: Афган согушу