Онлайн платформалар
Жасалма Интеллект (AI)
Логикалык жана педагогикалык суроолор
"Техникалык табышмак" (Онлайн инструменттер)
Аралаш суроолор
200

Дистанциялык окутууда видео сабактарды өткөрүү үчүн эң популярдуу кайсы платформалардын бири кайсы?

Google Meet

200

Жасалма интеллектке берилген тапшырма же суроо кандай аталат?

Промпт (Prompt).

200

Эгерде мен окуучуга баарын даяр берип койсом, ал жеңил жолду тандайт. Эгерде мен ага эч нерсе бербесем, ал адашат." Мугалим бул жерде кайсы "алтын ортолукту" табышы керек?

Фасилитация (багыттоо). Мугалим даяр жоопту бербей, окуучуну жоопко алып баруучу суроолорду бериши керек.

200

Кайсы онлайн платформа мугалимге бир эле учурда:

  1. Презентация жасоого;

  2. Видео монтаждоого;

  3. Мектептин логотибин чийүүгө;

  4. Окуучуларга диплом даярдоого мүмкүнчүлүк берет?

Canva

200

Окуучуларга үй тапшырмасына интерактивдүү оюндарды (пазл, кроссворд) түзүүчү эң белгилүү европалык сайт?

LearningApps.

300

"LMS" деген эмне жана ал мугалимге эмне үчүн керек?

Learning Management System (Окутууну башкаруу системасы). Мисалы: Google Classroom же Moodle. Ал материалдарды сактоо, тапшырма берүү жана баалоо үчүн колдонулат.

300

Мугалим AI колдонгондо кандай этикалык маселеге көңүл бурушу керек?

Маалыматтын тактыгын текшерүү (AI кээде ката кетириши мүмкүн) жана окуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу.

300

Сизде бир гана ширеңке бар. Сиз караңгы жана муздак бөлмөгө кирдиңиз. Ал жерде май лампасы, отун меши жана шам турат. Биринчи эмнени күйгүзөсүз?

Ширеңкени.

300

Сүрөттөгү текстти терип олтурбай, аны заматта санариптик текстке айландырган Google'дун кызматы?

Google Lens (же Google Текст таануу).

300

Дизайн жасоодо "Template" деген эмне?

Даяр шаблон (үлгү).

1000

"Interactive Whiteboard" (Интерактивдүү такта) катары колдонула турган онлайн сервис кайсы?

Jamboard, Miro, Padlet же Whiteboard

1000

Сиз жасалма интеллектке (мисалы, ChatGPT) математикалык татаал маселени же тарыхый фактыны текшерүү үчүн бердиңиз. Ал сизге абдан ишенимдүү түрдө, логикалык жактан туура сезилген, бирок иш жүзүндө ката жоопту берди. ЖИнин мындай "олуттуу түрдө калп айтуу" кубулушу илимде кандай аталат жана мугалим мындай учурда окуучуларга кандай кеңеш бериши керек?

  • Бул кубулуш "Галлюцинация" (Hallucination) деп аталат. Мугалим окуучуларга ЖИ берген маалыматты ар дайым ишенимдүү булактар (окуу китептери, энциклопедиялар) аркылуу кайра текшерүүнү (Fact-checking) үйрөтүшү керек.

1000

Жасалма интеллект эч качан мугалимдин ордун баса албаган эң башкы сапат кайсы?

Эмпатия (сезимдерди түшүнүү), тарбия берүү жана окуучуга эмоционалдык колдоо көрсөтүү.

1000

Canva платформасында даяр дизайндын ичиндеги  буюмду бир эле басуу менен өчүрүп салган функция кандай аталат?

Magic Eraser (Сыйкырдуу өчүргүч).

1000

ChatGPT бул — издөө системасыбы (Google сыяктуу) же маектешүүчү ботпу?

Маектешүүчү бот (Чат-бот).

2000

Окуучулардан тест алууда же сурамжылоо жүргүзүүдө кайсы акысыз онлайн инструментти колдонуу ыңгайлуу?

Google Forms,

2000

Сүрөт генерациялоочу (текстти сүрөткө айланткан) жасалма интеллекттерди атаңыз.

Midjourney, DALL-E, Canva Magic Media.

2000

Бир мугалимдин классында 30 окуучу бар. Ал баарына бирдей тапшырма берди, бирок жыйынтыгында 30 түрдүү жооп алды. Бул мугалимдин катасыбы же ийгилигиби?

Эгер бул чыгармачылык тапшырма болсо — ийгилик (индивидуалдуулук). Эгер бул так математикалык эсеп болсо — демек, нускама так берилген эмес.

2000

Жасалма интеллект (ЖИ) маалыматты тез табат, катаны заматта оңдойт жана 24 саат иштейт. Мугалим ЖИ менен атаандашпай, тескерисинче, андан озуп кетиши үчүн өзүнүн кайсы 3 сапатын өнүктүрүшү керек?

Критикалык ой жүгүртүү 

Эмоционалдык интеллект 

Креативдүүлүк

2000

Мугалим өзүнүн онлайн курсун же классын акысыз түзө алган Google сервиси?

Google Classroom.

5000

Сиз окуучуларга Padlet (же башка онлайн такта) аркылуу үй тапшырмасын берип, ар бир окуучу өзүнүн оюн жазууну тапшырдыңыз. Бирок сабак башталганда, бардык окуучулардын жооптору бири-бириникине окшош (көчүрүлгөн) экенин байкадыңыз.

Бул жерде техникалык жактан мугалим кайсы функцияны күйгүзүүнү унутуп калган жана бул маселени кантип чечсе болот?

Техникалык ката: Мугалим платформанын жөндөөлөрүнөн "Approval" (Модерация) же "Hidden comments" функциясын күйгүзгөн эмес. Эгер бул функция күйүп турса, окуучулар башкалардын жообун мугалим уруксат бермейинче көрө алышпайт.

5000

AI колдонууда негизги коркунуч кайсы?

Маалыматтын туура эместиги жана плагиат.

5000

3 мугалим 3 күндө 3 сабак даярдайт. 6 мугалим 6 күндө канча сабак даярдайт?

12 сабак

5000

Эгерде сизге окуучулардын билимин тез арада текшерүү керек болсо, бирок класста интернет такыр жок болсо, кайсы онлайн платформанын жардамы менен (мугалимдин телефону гана иштесе жетиштүү) тест өткөрсө болот?

Plickers. (Бул платформада окуучуларга кагаздан жасалган QR-коддор берилет, мугалим телефонун камерасы менен аларды сканерлеп, жыйынтыгын дароо көрө алат).

5000

Сизге бейтааныш адамдан "Сиз утушка ээ болдуңуз, бул шилтемени басыңыз" деген билдирүү келсе, эмне кылуу керек?

Шилтемени баспай, билдирүүнү өчүрүү (Фишингден коргонуу).

M
e
n
u